Айылдагы жумушсуздукту жоюуга салым кошкон ишкер айым

20 Январь 2020 жыл 15:34
Количество просмотров: 17

Куланак айылынын тургуну, айылдагы жумушсуздукту жоюуга салымын кошуп, чакан кийим тигүүчү жай ачып иштетүүдө. Ишканага айыл тургундарынан кызматка тарткан.



Биздин каарман Мээрим Арналиева 5 жылдан бери иштөө үчүн алыска кетпей эле, жашап жаткан үйүнүн бир бөлмөсүн чакан ишкана кылып ачып алган. Ишканага өзүндөй болуп, учурунда шаар кыдырып иштеп, келип кетип жүргөн кыз келиндердин башын бириктирип жумуш менен камсыз кылып келет.

— Тигүүчү жайды ачууңузга эмне себеп болду?
— Биринчиден эле балдарым. Аларды тыштап коюп иштөө мен үчүн оорчулук жаратты. Аларда мен да сагынат экемин. Сарсанаада болосуң. Жаныма алайын десем шаарда жашоо кымбат. Тапкан тергениң күнүмдүк жашоодон артпай калып жатты. Ойлосом ушинтип кыйналып иштеп жүргөн айылдык кыз келиндерибиз көп экен. Анан ошолордун башын бириктирип, 6 келин менен иштеп жатам.


— Буйрутмаларды кайдан аласыз?
Бишкек шаарынан жана Нарын шаарынан алып турабыз. Ал жерден бизге даяр, бычылган кездемелер келет. Биз болсо жөн гана аларды бириктирип тигип, кайрадан шаарга салып жиберебиз. Албетте, кийим тигүү абдан чоң эмгекти талап кылат. Айрым учурларда түнү менен иштөөбүзгө туура келет. Кандай кийимдер деп кызыгып турган болсоңуздар көбүнчө декабрда карнавалдык костюмдарды жана кыздардын көйнөктөрүн. Ал эми жаз, күз мезгилдеринде жеңил курткаларга басым жасоого аракет кылабыз. Жана дагы жай мезгилинде жеңил көйнөк, шым жана башка кийимдерди көп тигебиз. Кыскасы, мезгилге жараша келген буйрутманын баарын тиге беребиз.


-Айлык акыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
-Айлык акым канааттандырарлык деп айта албайм. Албетте, жашообузга жетет. Негизи бир кийимди 50 сомдон тигебиз. Кээ бир учурларда андан төмөнда жогору да болуп калат. Эгерде биз шаарда иштегенибизде мындан эки эсе көп акча тапмакбыз. Бирок шаардан жашаган батирибизге, жол каттамдарына төлөгөнүбүздө, кайрадан ошол эле акчабыз чыгып калат.

-Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
Буйрутмалар келбей калган учурларда балам менен кызыма кийимдерди тигип берем. Кээде туугандарым, досторум, кошуналарым келип кийимдерин тиктирип кетишет.

 

Мээрим Арналиеванын эмгектери

Даярдаган: Эрнисбек кызы Сайкал, Кылычбекова Эркеайым

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1936

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

37

МЕДИКТЕР:

378

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1340

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...