Жума намаз үчүн шарт түзгөн айыл тургуну

25 Январь 2020 жыл 23:07
Количество просмотров: 20

Куланак айылынын тургуну жума күндөрү гусул алчу адамдарга бекер мончо жагып берүүдө. Эмне себептен мындай иш жасап жаткандыгы тууралуу бөлүштү.


-Саламатсызбы биринчиден өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

-Мен Эмиров Сыргак Куланак айылынын тургунумун. Азыркы учурда жеке ишкермин.

-Жуунучу жай тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

-Негизги бул мончону атам жана туугандарым, үй -бүлөм үчүн кургам. Алар күндүн ысык -суугунда, көбүнчө кыш мезгилинде алыска барып жуунганда абдан кыйналып калышчу. Ушул себептен мончону куруу оюма келген.

-Жума намазга барчу адамдарды бекер жуунусуна шарт түзүп берипсиз, ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

-Чындыгында эле жума күндөрү, гусул алчу элдерге, таксырларга мончону бекер жагып берем. Убактысына токтолсом саат эртең мененки 10дон, 12ге чейин келип гусул алуучулар жуунуп кетишет. Көбүн эсе карапайым калк үйүндө жуунуга шарты болбогондуктан, айрым мончолорго акча төлөп жуунуга мажбур болушат. Ушул көйгөйдү да чечип бергим келди. Бирок менин эң биринчи максатым, Аллах Тааланын жана элдин ыраазычылыгын алгым келди. Канчалык көп сооп кылсаң ошончолук сага бейиштин эшиги ачылат эмеспи.

Кээ бир учурларда айылдаштарым заказ берип, акчасына келип тазаланып кетишүүдө. 1 саатка 60 сом, ал эми 1 жарым саатка 80 сомдон төлөп кетишет. Бул иш менен алектенгениме буюрса 1жылдын жүзү болду.

Андан соң биз Куланак айылынын тургуну менен маектештик.

«Мен Бейшеналиев Дүйшөнбек Куланак айылынын тургунумун. Сыргактын азыркы учурдагы кылып жаткан сооп иштери тууралуу айта кетсем. Куланакта жалгыз гана Сыргактын эле жума күндөрү, жума намазга барчу, гусул алчу таксырлар акысыз жуунуп кетишет. Азыркы учурда мен намаз окуйм, бирок үйдөгү жумуштарыман бошобой калгандыгыма байланыштуу, гусул алуу үчүн ал жерге бара элекмин. Кудайым буюрса жакынкы күндөрдүн биринде барып гусул алып кетем деген ойум бар. Сыргактын ушундай жакшы, соопчулук үчүн кылган иштерине айылдаштар ыраазы болушууда. Эми дагы ушундай сооп иштерди жасаган адамдар көбөйүүсүн каалайм.»

Даярдаган: Эрнисбек кызы Сайкал

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...