Кыздар да мураскер болуу укугуна ээ

26 Июнь 2020 жыл 23:01
Количество просмотров: 81

Мурдатан бери калыптанып калган ишенимдер боюнча үй-бүлөдө ата-энеден калган мурас эркек балага гана калтырылат. Бүгүн биз эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт деген темага токтолобуз.

Алгач, эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт ? — ушул суроого айыл тургундарынын жоопторун уксак:

1. “Илгерки ата бабадан берки келе жаткан салт, мурас эркек балага калат. Кыз бала турмушка чыгып кетет, а эркек бала үйдө ата-энени багат. Мен балдарыма мураска калтырам.”
2. “Менин оюмча ата-эне мурасты кыз балага карабай, тең бөлүп бериш керек”
3. “Ата-эненин мал мүлкү эркек балага калыш керек деп ойлойм.”
4. “Кыз бала деле мураскер болсо болот. Мисалы менин эжеме ата-энем мурас катары үй белек кылышкан.”

      Suusamyr-fm__muras-syuzhet-2

Мыйзам кыз балага жана эркек балага бирдей мураскер болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, ага карабай калк арасында кыз баланы бөлөк үй-бүлө катары көргөндөр да четтен чыгат. Бирок, жогорудагы сурамжылоодогу жооптордун айрымдарын төмөндөгү каарманыбыз төгүндөрү бышык.
«Мен турмушка чыккандан кийин, ар кандай себептерден кыйынчылыктар көп болду. Жалгыз бой келин катары, өз жеке ишимди баштоодо, жашоомду андан ары улантууда оор болду.»

Бул Роза Мамырканова. Турмуштун ар кыл кыйынчылыктарын жалгыз бой эне катары башынан өткөрүп келет. Бирок, кол сунуп отура бербестен, ыңгайлаштырып, жумушка да, кызын кароого да жетишет. Учурда сулуулук салонунда иш алып барган Роза айым, жашоодо баланын эң башкы тиреги – ата-энеси. Бирок, ошол ата-эненин мурасы да алардын мээриминдей кыз болобу, эркек болобу, баарына бирдей бөлүнсө деген ойдо.

 

«Мен ата-энеден мурас эркек балдарга гана берилип жатканына каршымын. Мисалы, мага окшогон канча кыз-келиндер бар, ар биринин жагдайы ар башка. Кээде насыяга акча алып, иштетсемби деген ойлор келет.»
Көбүнчө, ажырашуудан кийин келиндер моралдык да, материалдык да жардамга муктаж. Бул учурда ата-энеден кызга мурас бөлүнүп берилген болсо, абалдан оңой чыгып, жашоосун андан ары улантуусуна жеңил болот. Экономика илиминин доценти Сейил Нажимудинова өз изилдөөсүнө таянып, айтылып жаткан маселенин кыз балага тийгизген кедергиси тууралуу буларга токтолду:

«Бүгүнкү күндө, убакыттын өтүшү менен кыздар да расмий түрдө, мыйзам менен мураскер болууга укуктуу. Буга мамлекет кепилдик берет. Бирок практикада колдонулбай жатат. Кыз бала билимин жогорулатууда, жеке бизнесин баштапкы каптиалды баштоодо кедергисин тийгизет. Бул учурда анын ата-энесинин көзү өтүп кеткен болушу мүмкүн.»

 

 

Адистердин айтымында, мурасты бир гана эркек балага ыйгаруу — кыз балага карата адилетсиз көрүнүш деп бааланат. Дүйнө жүзү гендердик теңчиликке, бардык жашоонун аспектилеринде теңдикке умтулуп жаткан кезде, кыз бала, уул балага бирдей мурас бөлүп берүү кажет.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...