«Таяк таянып мектепке бара алмак эмесмин»

26 Январь 2020 жыл 20:21
Количество просмотров: 22

Өзүнүн кесиби боюнча мугалим, бирок ден- соолугуна байланыштуу бир да жолу өз кесиби менен иштей албаган Бүбү Кадыркулова 35 жыл китепканачы болуп эмгектенген.

Бош убактысын китеп окуу жана ыр жазуу менен өткөргөн Куланак айылынын тургуну Бүбү Кадыркулова бала чагында эле ыр дүйнөсүнө аралашканын жана эргүү келгенде гана ыр жазып коюп жүргөнү жөнүндө бизге маек курду.

— Саламатсызбы? Өзүңүздү кененирээк тааныштыра кетсеңиз?
-Саламатчылык. Мен Кадыркулова Бүбү Токоевна. Тогуз -Торо аймагына караштуу Дөмө-Бөл айылында 1955 — жылы туулгам.

— Ыр дүйнөсүнө канча жашыңызда келдиңиз эле?
-Мен 8-9 жашымда эле ыр жазчумун. Менин оюмча өзүмдүн талантым. Чоң апам дагы ыр жазып калчу экен. Ошол себептен чоң апамды тартып, ыр жазып калсам керек.
Азыркы учурда эки кызым дагы ыр жазат.

-Биринчи жазган ырыңыз эсиңиздеби?
-Ооба эсимде бул ырымды апама окуп бергенде, «Сен жамакчы болосуңго» -деп аябай күлгөн. Ал ырым мындай:
Кемегенин түбүндө,
Чай кайнатам күнүгө.
Ойлогула баарыңар,
Убал барбы Бүбүгө.

-Мектепти бүткөндөн кийин, кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?
— Арабаев университетине тапшырып. Ал жактан адабий сабагынан Кыргызстандын 50 жылдыгына карата 14 куплет ыр жазгам. Андан соң адабий иримге катышып жүрчүмүн. Бирок бутума операция жасаш керек болуп, аягына чейин катыша алган жокмун.
-Эмне себептен операция жазаш керек болду?
— 10 жашымда аттан кулап түшкөм. Ал учурда медицина жакшы өнүгө элек болчу. Анан бутумду туура эмес таңып салгандыгына байланыштуу жакшы айыкпай калган. Ошол себептен 13 жашымда операция жасатууга туура келди. 18-19 жаштарымда ооруканага жаттым.

-Окуу жайыңызды аяктагандан кийин эмне менен алектендиниз?
-Мен негизи өзүмдүн кесибим мугалим болчу, таяк таянып мектепке
бара албайт элем. Ошондуктан, Казарманда китепканачы болуп иштеп калдым. Толугу менен 8 жыл эмгектенгем. 4 жыл китепканачы болуп, 4 жыл китепкананын башкы директору болуп эмгектенгем. Анан Куланакка турмушка чыгып, Куланактагы китепканада 27 жыл иштегем.

-Көп жылдык эмгегиңиздин арты менен кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
-Нарын облусунун «Ардактуу айымы» сыйлыгынын ээси, «А.Токомбаев» атындагы сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн ардак грамоталары менен сыйлангам.


Азыркы учурда Нуржан кызым ыр жазат. Өзүнүн айылы Куланак жөнүндө ыр чыгарган:

Куланак
Эх Куланак, сүйгөн жерим сен белең,
Жүрөгүмдүн жартысына тең келген.
Атыр аңкып нур чачырайт тоолору,
Кең Куланак кереметтин борбору.

Сага болгон таза сезим ойлорду,
Жаратамын карап алып тоолорду.
Эске алып өтүп кеткен жылдарды,
Ойго түшөт чоң энемдин жомогу.

Балалык кез сенде жүрүп ойноду,
Таттуу күндү мезгил бизге койбоду.
Өзүң үчүн кандай иштер кылармын,
Колдон келсе ойдогу иш болгон.

Азыркы учурда көп жылдан бери чогултуп жүргөн ырларын жарыкка чыгарганга аракет кылып жаткан учуру.

Маектешкен: Алтынбек кызы Наргиз, Кылычбекова Эркеайым

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...