Кыздар дагы мураскер боло алат

29 Июнь 2020 жыл 19:09
Количество просмотров: 40

«Апам мурас калтырып үйдү жазып берген. Кыз бала турмушка чыгып ѳзү бѳлүнүп кетет деп кээ бирѳѳ ойлойт. Кыз бала турмушка чыгып бѳлүнүп кеткенде турмушта тагдыры тайкы болобу,же балким кандайдыр себептер менен ажырашып калабы ошол моменте кыз балага берилген мурас, бул аябай чоӊ жардам берет, чоӊ түрткү берет. Мен апам мурас катары берген үйдѳ ѳзүм кызым менен турам. Эми мен дагы кийин кызым чоӊойгондо мурас катары кызыма үйдү жазып берем». 

Элзат Жумадылова

      Barsakoon.Kyzdarga-berilbegen-muras

Бул каарманыбыз айыл тургуну Элзат Жумадылова. Ал бир кыздын энеси. Бирок, ал алдыда үй-бүлөлүк мурасты кызына калтырууну пландоодо. Анткени, Элзат айымдын ата-энеси да мурасты уул балдарга эмес, кыз балдарга берген. Кыздар, турмушта кыйын учурларга кабылып калса, ата-эне тарабынан берилген мурас бир топ жардам берээрин билдирген. Тилекке каршы мындай чечимдер чанда эле кезигет. Анткени, үй-бүлөлүк мурас уул балдарга гана таандык деп эсептегендер да жок  эмес.

Бул туурасында жергиликтүү тургундардан дагы «Бүгүнкү күнү кыз балага дагы мурас берилиши керек деп эсептейсизби?»-деген суроого жооп издеп кѳрдүк.

«Бүгүнкү күндѳ мурас эркек балдарга эмес кыз балдарга деле берилиши керек. Ата-энеден калган мурас бардык балдарга тиешелүү деп эсептейм».

«Кыз балага деле мурас берилиши керек, если ал үйдѳ эркек бала жок болсо. Эркек баланыкындай баягы чоӊ-чоӊ үй, мал, жер берилбейт болуш керек кыз балага».

«Менин түшүнүгүм боюнча мураскорлукту ата-эне гана тандаганга укугу бар. Менин кѳз карашым кыз балага деле берүүгѳ болот».

«Кыз бала ѳзүнүн турмушун ѳзү куруп кетет. Эркек уулга эле берилет».

«Мураскер катары кыз балабы, эркек балабы мисалы, мыйзамга жазган эмес. Кыз бала мураскер боло албайт деп, мураскер болуп кыз бала да аталат».

«Кыз турмушка чыгып барган ошол эле мурас деп ойлойм».

Ал эми серепчилер, кыргыз коому кыз баланы башынан эле конок катары кабыл алып келишкенин билдирип, тилекке каршы салттуу кѳз караш уланып, эркек балдар мураскер болуу статусун бүгүнкү күндѳ деле коргоп келишет деген пикирлерди ортого салды. Экономика илиминин доценти Сейил Нажимудинова бүгүнкү экономикалык коомдо аялдар жеке ишкерлик кылууда же жашоо шартын жогорулатууда, билим алууда ата-эне тарабынан кыз балдарга берилген мурастар, аялзатынын келечегинде зор мааниси бар экендигин билдирип ѳттү.

Сейил Нажимудинова

«Кыргыз коомунда патриархалдык коом катары салттуу түрдѳ мурас деген нерсе бул эркек балдардын арасында гана бѳлүштүрүлүп келген. Кыз кишиге ѳзгѳчѳ турмушка чыгып кеткенден кийин мураскер болу маселеси жаралган эмес. Бүгүнкү күндѳ мыйзам чегинде кыз балдар дагы мураскер болу укугуна ээ жана буга мамлекет дагы кепилдик болуп берет».

«Кыргызстандагы аял ишкерлердин өнүгүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар?»- деген экономикалык иликтөөдө да, ата-эне мурасынын тең бөлүнбөгөндүгү аялдардын жашоо шартын жогорулатууга каршы — терс кесепеттердин бири катары ачыкка чыккан.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...