Декларация тууралуу маалыматы жок элеттик келиндер

31 Июнь 2020 жыл 23:11
Количество просмотров: 35

Мал — мүлк, байлык, экономикалык киреше, кыймылсыз мүлк -бул
нерселерге элеттик келиндер анчейин маани бере беришпейт. Ал эми
бирдиктүү салык декларациясы деген эмне?

      Syuzhet_Deklaratsiya_BakajAta_14-12-2020

Бакай-Ата айылынын келиндери, бирдиктүү салык декларациясы тууралуу эмне билишет? — деген суроого, 4 айымдын оюнан бирдей жооп уга алдык. Айылдык келиндер декларация тууралуу маалыматтары жок жадагалса ал эмне экенин билишпейт.

Чыңгыз Субанкулов, атын өзгөртүүнү суранган мырза, Бакай-Ата айылынын тургуну, ал үй-бүлөнүн мал-мүлкү аялдарга таандык болсо кандай болот деген
суроого жооп узатты.

«Декларациянын аялым толтурбайт, ал жөн гана  үйдө отуруп бала чака менен алек. Негизи аял кишинин орду үй, каза-аяк, оокат-аш. Аларга декларация кереги эмне. Акчага аял киши аралашпаш керек. Декларация, мал-мүлк тууралуу баары менин жоопкерчилигимде».

2017-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар үчүн Бирдиктүү
салык декларациясын (БСД) тапшыруу жараяны башталган. Бул бир жылдык
отчет. Ар бир субъект 12 айдын аралыгындагы кирешеси менен чыгашасы
боюнча маалымат берет. Максаты — жарандын экономикалык жана башка
ишмердүүлүгү жана ага таандык мүлк тууралуу маалымат алуу. Муну менен
бирге коррупциянын алдын алууга багытталат. Дариха Бердикеева Талас шаарынын салык кызматынын инспектору, ал декларация тууралуу кошумча маалымат айтып
өттү.

«Салыктык отчет болуп эсептелет, анын максаты субьектилердин экономикалык ишин жер участогу болобу, экономикалык маалыматты берүү болуп эсептелет. Декларацияны уюмдар, жеке тараптар жана мамлекеттик кызматкерлер тапшырышы керек.  Декларация тапшырылбаса, айып пул салынат. Мамлекттик кызматкерлерге 1000 сом, жеке тараптарга 1000 сом жана уюмдарга 3000 сом».

Элеттик айымдардын мал-мүлк менен кызыкпагандыктары, көп
учурда алардын экономикалык укуктарын бузулушуна алып келиши
мүмкүндүгүн адистер белгилешет. Ар бир үй-бүлө калыптанышына, бир
гана мырзалардын эмес, аялдардын дагы салымы бар. Кыргызстандын ар бир жарааны, эрекек болобу же аялбы, өз укутарын билип, өзүнө тийиштүү мал-мүлк тууралуу декларацияны тапшыруусу зарыл.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...