Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы аяктады. Аталган жумалык КРнын билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу, билим сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Бир жума бою мектепте англис тилинде «Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили деген» аталышта ачык сабактар, кол жазмалардын көргөзмөлөрү болду.
Мектептин англис тили мугалими Анара Мурзакулованын айтымында англис тили эл аралык тил жана азыркы өсүп келаткан муундун келечеги үчүн англис тилинин мааниси абдан чоң. Анткени тил билүү-мезгил талабы.
Даярдаган: Жаркынай Тыныбекова