№7 Т. Сатыбалдиев орто мектеби онлайн сабактарды өтүү аракетинде

1 Июнь 2020 жыл 19:49
Количество просмотров: 82

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Таштемир Сатыбалдиев  атындагы орто мектеби тоолуу аймакта жайгашканына карабастан өзгөчө кырдаалга байланыштуу 3-чейректин акыркы өтүлбөй калган программалары азыркы учурда мугалим жана окуучулар менен бирдикте кайтарым байланыш сабактарын өткөрүшүүдө. Сабактарды өтүүдө мектеп мугалимдери Whats App аркылуу тапшырмаларды жөнөтүп жана “ZOOM” видеобайланыш программасы менен окуучулар менен түз байланышууда. Бул тууралуу мектеп директору Венера Эпеева төмөнкүлөрдү билдирди: “Мектеп өзү алыскы райондо жайгашканына карабастан чакан мектеп болгону менен, онлайн түрүндөгү окутуулар жургүзүлүп, сабактардын өтүлүүсүндө үзгүлтүк болгон жок. Мугалимдер өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүү менен ар кандай интернет программаларды колдонуп онлайн сабактар өткөрүлүп жатат. Аралыктан окулуучу сабакка окуучулардын катышуусу кыйла жакшырып калды, бирок ошентсе дагы кээ бир аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө уюлдук телефондордун жана интернеттин жетишсиздигине байланыштуу анча мынча мүчүлүштүктөр жаралууда”,- дейт Венера Эпеева.

 

Жогоруда айтып өткөндөй мугалимдер өз чеберчиликтери менен ар кандай видеосабактарды да даярдашууда. 1-класстын класс жетекчиси Калиман Мааткеримова өтүлө турган темалар боюнча атайын видеосабактарды даярдоодо:

Онлайн окуу кызыктуу өтүп жаткандыгын 3-класстын окуучусу Акмарал Доктурбекова мындайча айтып берди: “Интернет менен окуган кызыктуу экен. Менин мугалимим үйдөгү эжемдин вотсап номерине ар кандай тапшырмаларды жөнөтүп атат, а мен ал тапшырмаларды аткарып кайра эжекеме жөнөтүп жатам.”- деп билдирди А.Доктурбекова.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...