Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы жардамга кол сунду

1 апреля 2020 в 15:52
Количество просмотров: 145

Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө кырдаал шартында,  борбордон эң алыс, облустук маанидеги шаар Сүлүктүдө калкка материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруп, шаардык Кеңештин төрагасы башка депутаттарга жана ишкерлерге үлгү болууда. 

 

«Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов   шаарыбызда болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу элдин аярлуу катмарына жардам колун сунуп, 50 кап ун жана 50 даана ак май жалпы суммасы 100,0 миң сомдук азык түлүктү шаарыбыздагы жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө таратып берди»,- дейт кайрымдуулук иштерине күбө болгон, коронавирус ооруусунун алдын алуу жана күрөшүү боюнча Сүлүктү шаардык штабынын мүчөсү Абдували Мусаев.

 

 

«Шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов, өтө колу ачык, ак жүрөк инсан экен. Ар дайым жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунуп келет. Мисалы, акыркы үч айдын ичинде эле материалдык жана акчалай болуп, жалпысынан 500 миң сомдой жардам көрсөттү. Мына бүгүн дагы 100 миң сомдук ун жана майды аялуу үй-бүлөлөргө таркатканына күбө болдум. Мамлекеттик кызматты аркалап, өлкөбүздүн көп аймактарында иштедим, бир да мындай чыныгы мекенчил инсанды көрө элекмин»,- дейт Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Увраим Акимбеков.

«Каныбек Арзибекович, бир жагынан иш билги, бир жагынан уюштургуч, инсандык бийик сапаты бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн, бычакка сап боло турган жигитибиз. Эл алкышына татып шаардык Кеңешке экинчи жолу төрага болуп шайланып, иштеп жатат. Эгемендүүлүк мезгилинен бери облустук маанидеги шаарлардан эки жолку төрага болуп шайланган адистер өтө аз. Керек болсо Жогорку Кеңеште депутат болуп иштегенге билими да тажрыйбасы да, дарамети да жетет. Айта кетсем 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында салыкты эң көп төлөгөн ишкана да Каныбек Исмаиловго карайт»,- дейт Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Байышбек Абдираимов.

Даярдаган: Барчынай Алимова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1468

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

35

МЕДИКТЕР:

287

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1015

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...