Сүлүктүдө депутаттар элге жардам берип жатат

8 Июнь 2020 жыл 12:53
Количество просмотров: 38

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеке ишкерлер тарабынан жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Сүлүктү шаардык Кеңешинин жаш депутаттары да демилге көтөрүп, аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүктөн жардам берүүдө.

 

 

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты, «Нур» ЖКЧнын башкы эсепчиси Нурлан Жолдошев шаарда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өз эсебинен 15 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун, 3 литрден пахта майы, медициналык маскалар менен жардам берди. Ошондой эле, Сүлүктү шаарынын кире бериш жериндеги «Кызыл-Бел» карантиндик постундагы кызматкерлерге 50 даана кол кап, 20 даана медициналык маска, 1000 сомдук азык түлүк жеткирип берди. Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттары Сагын Айтемиров жана Нурбек Абдыназаров жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 20 кг эт, 100 кг макарон, 40 литр пахта майы, 20 кг кумшекер, 20 пачка чай, 20 кг гречка, 20 кг күрүч, 20 кг туз таратып беришти.

Ошондой эле шаардык Кеңештин депутаты, «Нур» шахтасынын директору Абдыназаров Нурбек Рахманбердиевич, ишканасынын атынан жардамга муктаж 11 үй-бүлөөгө ар бирине 50 кг ун, 5 литр пахта майы, 2 кг кумшекер, 4 кг күрүч, 5 кг макарондон таратып, кайрымдуу иштерин улантып жатат.

     

 

 

Даярдагандар: Барчынай Алимова, Бүсара Ражабалиева                                                               

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1845

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

364

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1219

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...