Талас: Жаштар тобунан жардам

10 апреля 2020 в 14:38
Количество просмотров: 72

Талас шаарында жашаган жаштар өз ара топ түзүп жардамга муктаж болгон үй- бүлөлөргө жардам беришти.

Талас шаарында жашаган 22 жаштагы Мамбеткалый уулу Эржан, 21 жаш курактагы Рустам Сыргабаев жана мектеп окуучулары Дастан Дүйшеев, Азат Мелисбеков, Улук Умарбеков өз ара топ түзүп, WhatsApp аркылуу тууган, тааныш, классташ, жоро-жолдошторунан жардам суроо акциясын уюштурушуп, натыйжада отуз миң сом өлчөмүндөгү тамак-аш, азык түлүк чогултушкан.

 

Элден чогултулган азык-түлүктөрдү Талас шаарында жашаган жардамга муктаж он беш үй- бүлөгө таратып беришти, жаш ыктыярчылар Расылканова Алтынай, Исманова Алтынайлар үйлөрдү кыдырып таратуу иштерине кол кабыш кылышты.

Коронавирустан сактануу үчүн карантинде олтурган калктын аялуу катмарын түзгөн аз камсыз үй бүлөлөргө жардам берүү акциясын уланта беребиз. Бизге 0500898975 номери аркылуу байланыша аласыздар, — дейт топтун мүчөсү Дастан Дүйшеев.

 

 

Бул жаштар тобу мурда дагы кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Үйлөрдү кыдырышып, чыныгы жардамга муктаждарды өз көздөрдү менен көрүп, көп балалуу аз камсыз үй бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, багаар көрөөрү жок кары-картаңдардын тизмелерин тактап чыгышкан.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1662

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

68

МЕДИКТЕР:

330

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1088

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1662

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

68

МЕДИКТЕР:

330

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1088

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...