Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Апрель 2020

Эртең бала окубай калбаш керек!

8- апрелде Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери 4-чейректи аралыктан окуу менен баштайт. Тактап айтканда, бала бакчалардан тарта мектептин 11-классына чейин окуу программасына ылайык  сабактар башталат.

Нарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат

Быйыл Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары эрте башталып, учурда бардык райондордо айдап-себүү өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.

Миң сөз ордуна…

“Коом — толгон токой проблемалардан улам стресс менен жашап жаткандай. Социалдык желелерден деле жалаң сын-пикир, сөгүшкөн же урушкан тараптарды байкоого болот” дейт ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу. Темирлан мырзаны буга чейин …

Сүлүктүдөгү медицина тармагына коргонуучу атайын каражаттар жардамга берилди

Сүлүктү шаары боюнча жеке ишкерлер коомчулукка жана социалдык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү иштерин улантып жатат.

Райондогу муктаж адамдарга жардам көрсөтүү уланууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү.

Сүрөт: Төрага жардамга муктаждарга ун жана керектүү азык түлүктөрдү жөнөттү

Таластык аз камсыз үй- бүлөлөргө жана жардамга муктаждарга Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөрдү жөнөткөн. Учурда Талас облусундагы төрт район жана шаардагы аз камсыз, көп …

“Апаатка такаат” долбоору муктаж үйбүлөлөргө жардам берди

JIA ишкерлер ассоциациясы Кыргызстан боюнча “Апаатка такаат” долбоорун ишке ашырып, коронавирус илдети таралуу коркунучу жаралып жаткан учурда карантинде жаткан элдин аялуу катмарына колдоо көрсөтүп жаткан учуру. Таластагы JIA ишкерлер ассоциациясы …

Медер Келдеев: Наристелердин сүрөтүн тартканды жактырам

Медер Келдеев ак-кара түстөгү, боектуу жана 3D сүрөттөрдү тарткан чебер. Ага белгилүү адамдардан тарта, талантын баалаган тааныштары да кайрылат. Бирок, ал көбүнчө наристелердин сүрөтүн тартканды жактырат. Бизге берген маегинде сүрөтчү, …

Подкаст: «Ата-бабанын салтын эстеп, ойлонууга убакыт келди»

Азыркы учурда ата- бабалардан калган салттардын баары өзгөрүп, ар бир той- аштарда колдонулган жөрөлгөлөр барган сайын аша чапкандык менен ысырапкорчулукка алып келип жаткандай. «Таберик» аттуу кыргыз тилиндеги аудио-подкасттын 3- чыгарылышында …

Сүлүктүдө мугалимдердин профсоюз уюму жардам уюштурду

Баткен облусунун Сүлүктү шаары боюнча билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жардамы берилди. 

Акталаада вирусту алдын алуу иштери күчөтүлдү

Таажы вирусунун учуру Нарын облусунда катталгандыгына байланыштуу  Ак-Талаа районунун аймагында ооруну алдын алуу иштери күчөтүлдү. Райондун чек арасына, айылдардын кире беришине да посттор коюлду. Дээрлик жол каттамдары тыкыр токтотулду. Ошол …

Тургундар ун менен камсыз болду

Коронавирустун алдын алуу иштери республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин алдын алуу иштери жүрүп, айыл өкмөттүн кызматкерлери 31- мартта айылдын көчөлөрүн …

№7 Т. Сатыбалдиев орто мектеби онлайн сабактарды өтүү аракетинде

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Таштемир Сатыбалдиев  атындагы орто мектеби тоолуу аймакта жайгашканына карабастан өзгөчө кырдаалга байланыштуу 3-чейректин акыркы өтүлбөй калган программалары азыркы учурда мугалим жана окуучулар менен бирдикте кайтарым байланыш …

Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы жардамга кол сунду

Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө кырдаал шартында,  борбордон эң алыс, облустук маанидеги шаар Сүлүктүдө калкка материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруп, шаардык Кеңештин төрагасы башка депутаттарга жана ишкерлерге үлгү болууда. 

Жаңы мүмкүнчүлүктөр — skypestudy.org

Коронавирус пандемиясы, карантин, өзгөчө кырдаалдагы курч абал биздин тынч жашообузга 2020-жылдын жаз айында кирип келди. Жашообузду татаалданткан кырдаалга баш ийүү менен гана биз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын тынч жашоосуна өбөлгө түзө …

Жаш ыктыярчылар шаарды дезинфекциялашты

Бүгүн жаштар тобу атайын коопсуздук кийимин кийишип Талас шаарындагы 59-квартал деп аталган микрорайондун көп кабаттуу үйлөрүнүн аянттарын, эл көп баскан тротуар жээктерин, оюн аянттарын дезинфекциялап чыгышты.

Ишкерлер күзөттөгүлөргө ысык тамак жеткиришти

Эл башына түшкөн кыйынчылык учурда көпчүлүк карантинде жаткан учурда күнү-түнү эл кызматында болуп блок посттордо күзөттө тургандарга ысык тамак уюштурууну Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев сунуштагандан …

Подкаст: «Батага кандай маани берип жатабыз?»

Ата- бабаларыбыз мурда бата берүүгө кандай маани берип келишкенин жана азыр батанын маанисине көңүл буруу канчалык деңгээлде экенин «Таберик» подкастынын 2- чыгарылышында уга аласыз.

Жергиликтүү бийликке калктын саламаттыгы эң биринчи орунда турат

Карасаев айыл өкмөтүндө баардык кызматкерлери жана депутаттар, жергиликтүү кеңеш баардыгы кеңешип, калктын саламаттыгын ойлоо менен бирге талыкпаган иш аракеттерди алып барууда. Ал иш аракеттерде айыл өкмөт кызматкерлери менен айыл активисттери …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...