Сулайман Шералиев Улуу Ата Мекендик согушка күлгүндөй 18 жаш курагында аттанган.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сулайман Шералиев 1925-жылы Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 7-классты аяктагандан кийин комсомолдун катарына өткөн. 1943-жылы аскерге чакырылып, кандуу майданда жарадар болгон.
Согуштан келгенден кийин 1944-1950-ж.ж. айылдык советтин секретары, 1951-жылдан башкарманын орун басары болуп эмгектенген. Андан кийин колхоздун жолдомосу менен Канттагы айыл чарба кадрларын даярдоо мектебинде 3 жыл окуп келип, ошол кездеги Ленин колхозунда башкарма болуп иштеген.
Артта калган чарбаны алдыңкы чарбанын катарына кошуу аракети мыкты натыйжа берип, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Сулайман ата ардактуу эс алууга чыкканга чейин чарбалык бир катар жооптуу кызматтарда иштеген жана көптөгөн орден-медалдардын ээси болгон.
Ал эми колхоз тарагандан кийин 1990-жылы «Белек» дыйкан чарбасын уюштурган.
Жубайы Токтобү Асанбаева менен бирге түтүн булатып, уул-кыздарына татыктуу тарбия, билим беришкен. Адамкерчилиги, берешендиги менен эли-журтуна кадырлуу Сулайман ата 2009-жылы 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Кызы Акмөөр Шералиеванын айтымында атасы нускалуу кеп айткан. Китептерди абдан көп окуган адам болгон. «Колу ачык, берешен бол, колунда жокторго карамдуу бол» деген сөздү дайыма айтчу. «Манас» эпосунун үч томдугун тең окуп, биз уктаганча айтып берер эле деп эскерет кызы Акмөөр эже.
«Эч ким, эч нерсе унутулбайт»
Даярдаган: Барчын Мамытбекова