Талас облусунда 4 ай ичиндеги өрт кырсыктары

8 мая 2020 в 17:39
Количество просмотров: 132

 Талас облусунда  4 ай ичинде өрттүн саны 41,8​ пайызга азайган. ​ ​ ​ 2020-жылдын 4 ай ичинде Талас облусунда​ 32​ өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 55), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны​ – 141,8 % азайган.

«Өрттүн кесепетинен  каза тапкан  жана  жабыркаган адамдар катталган жок (2019-жылы өрттөн жабыркаган 1). Өрттүн ​ кесепетинен келип чыккан ​ материалдык чыгым​ 2 млн 935 402 сомду түзгөн. 16 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 50 ​ % түзгөн.

 Өрттөрдүн негизги себептери:

 -электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -60 %;

 -мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 61,9 %;

 -өртко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16,7.8%;

 -балдардын от менен ойноосуунан – 16,7 %, өрт кырсыгы болду

 Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  — Талас шаары  — 10;

 —  Талас району — ​ 4;

 —  Манас району — ​ 7;

 —  Кара-Буура району — ​ 9;

 —  Бакай-Ата району — ​ 2;

 Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:  

— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

 — күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

— балдарды кароосуз калтырбагыла;

— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула. тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

     Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз. Өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда 101, 112 номерине чалыңыз, чалуу  акысыз»,- деп Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы подполковник  У.Тамабаев маалымат менен бөлүштү.

ӨРТҮ ӨЧҮРҮП ЖАТКАН УЧУРДА


Даярдаган: Кундуз Мырзалиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1662

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

68

МЕДИКТЕР:

330

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1088

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

ЖАЛПЫ САНЫ:

1662

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

68

МЕДИКТЕР:

330

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1088

КАЗА БОЛГОНДОР:

16

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...