Ишкер: Ат-Башынын сыры десек, эл күлчү

11 Май 2020 жыл 14:32
Количество просмотров: 1958

Ат-Башы району эт багытындагы бодо мал менен белгилүү. Ал эми сүт багытындагы уйлар сейрек кездешет. Бирок, бул аймакта жылына 60 тонна сыр чыгарган ишкана бар экенин билчү белеңиз? «Ат-Башыда сыр чыгарып, ачылыш кылгандай эле болдук» — деген каарманыбыз Нурила Орозумбекова сыр бизнесинин күңгөй-тескейи айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Нурила айым, сырды качантан баштап, кандай максатта өндүрүп баштагансыздар?

— Биздин завод 2011-жылы, үй-бүлөлүк бизнес катары ачылган. Мен 2015-жылдан тарта директор болуп иштеп жатам. Завод Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жайгашкан. Жолдошум жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылам, ошол жердин экономикасын көтөрөм деген ниет менен ачкан. Ал үчүн Бишкекте жайгашкан бизнестеринин бардыгын ошол жака которууга туура келди. Заводду 2009-жылы айылда урап калган имаратты алып, кайра куруп ишке киргиздик. Бирок, биз буга чейин сыр менен иштеп көргөн эмеспиз. Билбеген нерсени баштадык.

Анткени, жолдошум Ат-Башылык болгону менен биз Чүйдө турабыз. Ат-Башыда сүт багытында уйлар бар бекен, кандай экен деген анализ деле кылбаптырбыз. Биринчи эле максат ишкана курам, элди иш менен камсыз кылам, айылдагы элде жок дегенде 5-6 уй бар деген ой болгон. Бирөөнөн үйрөнсөк деле, иш жүзүндө укмуш тажрыйбаларды баштан өткөрдүк.

Ат-Башыдагы сыр чыгаруучу ишкана

Демек, көп эле кыйынчылыктар болгон экен да…

— Алгачкы эки жыл имаратты ирээтке келтирип, жабдыктарды алып келүү, орнотуу иштери менен убара болдук. Жергиликтүү элди ишке алып, окуттук. Андан тышкары, бизге чейин Ат-Башыда эч ким сүт багытында ушундай бизнес кылып иштебептир. Бул да бизге чоң тоскоолдук болду. Анткени, жергиликтүү калктан сүт чогултуу чоң кыйынчылык жаратты. Ат-Башынын 18 айылын камтып, алардан 3 тонна гана сүт алчубуз. 3-4 жыл чыгашада гана иштедик.

Бул бир нерсени эсептеп, бирин эсептебегенден келип чыкты.  Анан Ат-Башынын сыры десе, Ата-Башыда да сыр чыгабы деп эл күлчү.  Бир чети ошол күндөрдү эстесем, абдан күлкүлүү болот. Ат-Башы тоолуу аймак болгондуктан, суук болуп, кышкысын такыр иштебейбиз. Анткени, сүт жок. Акыркы жылдары гана эл сүт багытындагы уйларды да багууга маани бере баштады. Чүй, Ысык-Көл, Таластагыдай чоң уй фермалары жок. Ошондуктан, биз сүттүн басымдуу бөлүгүн элден чогултабыз.

Чынында, Ат-Башы эт багытындагы мал менен таанымал эмеспи…

— Ооба, бир учурда жолдошум жакшы эле аракет кылды. Жыйырмадай асыл тукум уйларды алып келип, элге таратып берди. Башында уйду бир адамга берип, сүтүн өткөрүп кутула бересиң деген келишим болгон. Баштапкы 1-2 жыл сүтүн өткөрүп жатышты. Андан кийин эле ал асыл тукум уйлардын дайыны билинбей баштады. Ат — Башыда семиз жана жаш, чоң болгон малды эт багытына союп салат экен. Кыдыра келгенде эле элге таратып берген уйлардын көбү союлуп кеткен болду.

Азыр, убагында биз тараткан жыйырмага чукул уйдун төртөө эле калган. Мындан кийин бул демилгебизди токтоттук. Болбосо, жыл сайын пародалуу уйларды көбөйтөлү деген оюбуз бар болчу.

Ишканадагы сырлар табигый жол менен жетилет.

Сүттөн жасалган азыктардын түрү көп эмеспи. Эмне үчүн сыр өндүрүүнү чечкенсиздер?

— Биз алыскы аймакта жайгашкандыктан, айран же быштак сыяктуу азыктарды жасап, Ат-Башы менен Нарынга ири көлөмдөгү продукцияны сата албай калмакпыз. Ал эми сырды жасаганыбыздын себеби, анын сактоо мөөнөтү узагыраак. Жайында биз аны алдын-ала даярдап, толук сыр катары жетилгенге чейин кампаларда сактайбыз. Биздин өндүрүштөгү сырлардын бардыгы табигый түрдө жетилген сырлар. Алар 30, 45 күн же 6 айга сакталуучу сыр болуп бөлүнөт.

Кыргызстанда бул азыкка суроо – талап көппү?

— Бизде жарактан чыкты же өтпөй калды деген көйгөй болбойт. Тескерисинче, азыктардын бардыгы өтүп, жетпей да калат. 

Сураган фирмалар көп. Алматынын сураган көлөмүн бере алган жокпуз. Казакстанга болсо, сыр чечиль сатабыз.

Казакстанга экспорт кылбай жатканыңыздардын дагы башка себеби барбы?

— Кыргызстандын сырын Казакстан, Орусияга мактап алып кетишет. Ал сырды жасоодогу технологияны туура сактоо, майлуугунан көз- каранды. Биздин өндүрүштөгү сырлар 2017-жылы Орусиядан жакшы баалоого татып, биринчи орунду алып келгенбиз. Экспортко чыкпай жатканыбыздын себеби, Ат-Башыда сүт аз жана анын сапаты начар болууда. Сүттүн сапаты начар дегенибиз – башка облусттарда сүт багытында иш алып барган фермалар көп. Алар уйду кол менен саабай, аппарат менен саайт. Ошондой эле андагы уйларга нормасына жараша витамин жана жемин  беришет. Мисалы, Ат-Башыда кышкысын малга чөп эле берип коет. Азыр деле эртең менен уйду талаага айдап жиберет, кечинде саайт. Же тыңыраак жем бербейт. Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө советтер союзунан тарта эл сүт багытында уйлар менен иштеп көнгөн. Биз болсо, Ат-Башыга барып, биринчи ачылыш жасаган адамдай эле болдук. Жогорудагы облусттарда бир уй 10-20 литрге чейин сүт бере турган болсо, биздин аймакта жакшы сүт алдык дегенибиз – 6-7 литр.  

Нурила Орозумбекова. Ат-Башыда өндүрүлгөн сырлар Орусияда биринчиликти багындырган.

— Сүт чогултууда көйгөйдү кантип чечели деп жатасыздар?

— Мисалы 10 уй кармагыча 3 уй кармап, 10 уй берген сүттү ошол 3 уйдан алса болот. Буюрса, өзүбүз сүт багытында уй баккан ферма ачалы деп жатабыз. Ал үчүн малды жылуу жерде кармап, туура кам көрүү зарыл. Болбосо, сүттүн тартыштыгынан улам кышкысын зоводдун иши токтоп калууда. Экинчи тарабы, уйларды дарылаганда ар ким ар кандай антибиотик же өзү каалагандай ийне сайып жиберет. Анын сүтүн 15 күнгө чейин өткөрбө десек, акчага кызыгып өткөрүп жиберишет.

Анан элден келген сүттү кайра кайтарып бере албайбыз. Ал чыгымга кетет. Кайсы уйдан келген сүт экенин деле таппай калабыз. Негизи, бул багытта иш алып барам дегендер ферма менен иштегени дурус. Анда аз дегенде 30-40 уй болот. Барына бир мезгилде антибиотик саябы же ооруган уюн алып коебу, көзөмөл болот. Эгер сүттү текшерүүдө антибиотик чыкса, колдо келишим бар.

Касиет Кубанычбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...