Нарында COVID-19 илдети бир адамдын өмүрүн алды

17 Май 2020 жыл 10:18
Количество просмотров: 179

15-май күнү Нарын районунда коронавирусту 4 адам жуктурганы белгилүү болду. Анын ичинен бир адам каза болгондугу аныкталып, каза болгон жаран өз айылында жерге жашырылган жана анын туугандары көзөмөлгө алынды.

Дагы COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар Миң-Булак, Жан-Булак жана Учкун айылдарынын тургундары болгон. Алар бул ооруну төрөтканадан жуктуруп алышкан. Бейтаптардын экөө төрөгөндөн кийин үйүнө чыгарылса, бирөө патология бөлүмүнө жаткырылган. Ал адамдардан коронавируска карата тапшырган анализдеринин жыйынтыгында илдет аныкталган.
Эскерте кетсек, буга чейин сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 вирусунан 2 бейтап каза болгонун эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары кабарлаган.


Ал эми Куланак айылында, айыл тургундары, бүгүн 15-май күнү Кезексиз сессиянын N2 Токтому чыгып, Учкун, Куланак айылдарына 15-майдан тарта 30-майга чейин карантин киргизилди. Чектөө убактысы эртең мененки саат 8.00дон 21.00го чейин. Айыл ичиндеги дүкөндөрдүн иштөө убактысы 8.00дөн 20.00 го чейин гана иштөөгө уруксат берилип, алкоголь ичимдигин сатканга катуу тыюу салынды.
Ушул убакыт аралыгында ар кандай аш- тойлор, спорттук оюндар, 3 адамдан ашык чогулууларга дагы тыюу салынгандыгы маалым болду.
Жогорудагы талаптарды аткарбагандарга Жаза кодекси менен чара көрүлөрү эскертилет.

 

Дилде Шатанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1974

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

38

МЕДИКТЕР:

389

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1360

КАЗА БОЛГОНДОР:

22

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...