Карантинде аялдарга зордук-зомбулук күчөдүбү?

19 Июнь 2020 жыл 15:35
Количество просмотров: 57

2020-жылдын март айынын аягында кыргыз бийлиги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Ал эми COVID-19га чалдыккандардын учурлары аныкталган айрым аймактарда өзгөчө абал тартиби жарыяланган.


Бийлик жарандарды карантин эрежелерин сактоого чакырып, алардын көчөдө жүрүүсүн чектеген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму, пандемияга байланыштуу жарандары үйдө отурган өлкөлөрдө зордук- зомбулук күчөдү деген маалыматты тараткан. Кыргызстанда абал кандай? Чын эле зордук -зомбулук күч алдыбы? Зомбулуктун курмандыгы болгондордун абалы кандай?

 

Авазкан Ормонова Ош облусунун Кара-Суу айылындагы Жоош айылдык кеңештин депутаты. Демилгелүү Ишкер Аялдар коомдук уюмдун жетекчиси

“Кайрылгандардын саны мурункуга караганда бир аз телефон аркылуу кеңеш алуу, социалдык түйүндөр аркылуу маалыматтарды алуу бир аз көбүрөөк болуп кетти. Азыркы күндө болсо бардык жак жабык болгонуна байланыштуу булар специалистерге, социалдык кызматкерлерге, психологдорго, бизге чалышып, кеп- кеңештерин көп алган, убакыт көп болгондуктан, ушундай кайрылуулардын саны көп болду”.

Авазкан Ормонова Ош облусунун Кара-Суу айылындагы Жоош айылдык кеңештин депутаты. Ошондой эле Демилгелүү Ишкер Аялдар коомдук уюмдун жетекчиси. Ал бизге берген маалыматтында карантин маалында үй-бүлөлүк түрдүү маселелер менен кайрылуулардын саны өсүп жаткандыгын белгилеп өттү. Ал эми кризистик борборлордун бирикмесинин адиси Гүлбарчын Жумабаева өзгөчө абал режиминде үй-бүлөлүк зомбулуктун саны эки эсе өстү деп билдирди:

Кризистик борборлордун бирикмесинин адиси Гүлбарчын Жумабаева

“Мисалы, 24-марттан 2019-жылы 24-апрелге чейин былтыркы жылы 100 аял үй-бүлөлүк зомбулук менен ички иштер органдарына кайрылса, быйыл 24-март өзгөчө абал башталган учурдан баштап, республика боюнча ички иштер органдарына 24-марттан 2020-жылы 24-апрелге чейин мисалы 162 аял кайрылганын Бишкек шаарынын комендаты массалык маалымат каражаттарына баса белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатканына көңүл бурду”.

Психологдордун кеӊешин эске алсак, бул учурда коммуникация — сүйлөшүү ыкмасы менен проблеманы чечүү маанилүү. Эки жак сабырдуулук менен бир келишимге келиш керек. Ар бир жак өзүнүн чечилбеген суроосун ортого салып, бир келишимге келип, аны аткаруу керек. Эгерде проблема сүйлөшүү жолу менен чечилбесе атайын адистерге, психологдорго жардамга кайрылса болот. Ал эми серепчи Нуралы Айдаров үй-бүлөдөгү чыр-чатак болбош үчүн, үй-бүлөлөргө төмөндөгүчө кеңешин берет:

Серепчи Нуралы Айдаров

“Үй-бүлөлүк чыр-чатак болбош үчүн эки тарап тең аракет кылыш керек. Таанышкан күндөгүдөй бири-бирине кайрылып, жылуу сөздөр менен колдоп, бири-бирине жөлөк болуп, келечекке карай умтулуулары бир болуп, максаты бир болгон учурда чыр чатак аябай аз болот”.

Карантин маалында эмне себептен зордук зомбулук күч алууда деген сурообузга Авазкан Ормонова, үй-бүлөнүн экономикалык абалын баса белгиледи. Тактап айтканда, өлкөдөгү өзгөчө абалга жараша бүгүн элдин басымдуу бөлүгү жумушун токтотуп үйдө болууга аргасыз. Мындан улам үй-бүлөдө акча каражатына байланыштуу маселени чечүү оор бойдон калууда. Акча каражаты, азык түлүктүн жетишсиздиги ж.б нерселер үйдөгү уруш талашка себеп болуп, анын артында зордук- зомбулук жаралышы ыктымалдыгын билдирген Авазкан айым, зомбулуктан сактануу чаралары катары төмөнкүлөрдү белгиледи.

“Зомбулукка кабыл болгон аялдар бардыгына эле бүгүнкү күндө вотсаптан ссылка болушу мүмкүн. Биринчиден, тез жана бат арада көп адамды камсыздаган социалдык түйүндөр, фейсбук баракчалары аркылуу, инстаграм, ютубдан маалымат алышат. Ошол жактарга бүгүнкү күндө биз эле эмес, башка аялдар уюмдардын телефондору калтырышат. Кандай жардам бере алышат. Ошол боюнча айтып жүрөбүз”.
Жалпысынан, зомбулукка кабылгандар мамлекеттик жана укук коргоо органдарына, кризистик борборлорго кайрылса болот.

 

Анара Мааметова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1899

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

372

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1292

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...

КОРОНАВИРУС КЫРГЫЗСТАНДА

Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

ЖАЛПЫ САНЫ:

1899

ЖАҢЫ КАТТАЛГАН УЧУР:

28

МЕДИКТЕР:

372

ЖАЛПЫ АЙЫККАНДАР:

1292

КАЗА БОЛГОНДОР:

20

Календарь

Сурамжылоо

Айылынызды өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек деп ойлойсуз? Ой калтырыңыз

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...