Сейрек кездешүүчү талантка ээ Касымов Нурислам 2011 – жылы 25 – декабрда Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлгөн.
Үч бир тууган. “Чыны менен музыка ойногонду эки – үч жолу эле көрүп үйрөнүп алды. Кабыл алуусу жакшы. Келечекке койгон ой максаттары көп, азырынча кесип тандай элек, музыкага кызыгат“,– деп билдирди апасы Боронбаева Гүлайым. Чыны менен музыка ойногонду Сокулук районундагы Новое айылынын Гүлзина Капарова атындагы орто мектебинин музыка мугалими Жалалова Бүбүсара эжеден үйрөнгөн.
Учурда Нурислам аталган мектепте 3 – класста окуйт.
Айдай Джолчубекова