1. Инстаграмга сүрөт киргизип, текст жазып койсом эле СММ адиси боло аламбы?
Жок. Көп адамдар инстаграмга сүрөт киргизип, кыска текст жазып койсо эле – СММ адиси болушат деп ойлошот. СММ (социалдык маркетинг менеджери) – бул дүйнөлүк тармактагы маркетинг. Башкача айтканда, социалдык тармактагы жумушту маркетинг аркылуу жүргүзүү түшүнүгүн берет.
СММ адиси – бул социалдык тармактарда (инстаграм, фейсбук, твиттер, одноклассники ж.б) жеке адамды же компанияны таанытуучу, социалдык тармактын колдонуучуларына кызыктуу контент жаратуучу адис болуп саналат.
Ал эми контент жаратуу, маалымат таратуу үчүн компаниянын же жеке адамдын каалоосу менен ар бир колдонуучунун эмне каалап жатканын, эмне издеп жатканын билүү керек.
2. CММдин башка кесиптерден өзгөчөлүгү эмне?
1. Биринчи өзгөчөлүгү – каалаган жерде иштесе болот. Үйдө болобу же офистеби, же кошумча жумуш катарыбы айтор, СММ адистери үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Эң башкысы телефон жана интернет керек.
2. СММ адистери өз жөндөмү жана шыгына жараша бир мезгилде бир канча проект менен иш алып барып, айлык акысын да көбөйтө алат.
3. Кыска аралыкта бир кесиптин ээси болуу. Тактап айтканда, 1,5-2 ай аралыгында курстардан окуп иштөөгө болот.
4. Жума сайын билимин өркүндөтүп туруусу керек. Анткени, интернет айдыңы өтө тез өзгөрүп турат. Андыктан, жаңы тренддерден кабардар болуп туруусу зарыл.
3. Мыкты СММ адиси болуу үчүн кандай шык жана билим керек?
СММ адиси – биринчи кезекте мыкты идеяларга бай болушу керек. Эгер креативдүү идеялардын ээси болуп, аларды социалдык тармактарда аудиторияга жеткире алсаңыз – жеңиш жана жемиш сиз тарапта болот. Креативдүү СММ адистерине суроо талап да көп экени талашсыз. Ошондой эле:
стратегиялык пландарды, анализдерди мыкты жүргүзө билүү;
Тексттерди өзгөчө жана таасирдүү кылып жаза билүү;
Графикалык редакторлор менен креативдүү иштөө жөндөмдүүлүгү;
Видео жана фото тартуу, жайгаштыруу жөндөмүнө ээ болуу
эффективдүү реклама берүүнүн жолдорун билиши керек.
4. Кайсы жерден билим алуу керек?
СММ адистиги масштабдуу өнүгүп жатканына карабай, дипломдуу адис болууну каалагандар үчүн бүгүнкү күндө бул адистикке арналган факультет же бөлүмдөр жок.
Бирок маркетинг,коом менен байланыш (PR) же журналистика факультеттеринде билим алып жана жогоруда белгилегендей ар дайым билимин өркүндөтүү менен бул тармакта ийгиликке жетишсе болот.
Ошондой эле бүгүнкү күндө дүйнө жана анын ичинде Кыргызстанда СММге арналган кыска мөөнөттүү курстардын саны чексиз. Алардын арасында онлайн окуткандары да бар. Курсттарга жазылуудан мурда, алгач алардын окуу методикасы, планы менен таанышуу зарыл.
5. СММ адисинин айлык акысы кандай?
Айлык акы билим деңгээлине жана жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге жараша болот. Ошондой эле маянанын жогору болуусу адистин ммкүнчүлүгүнөн көз-каранды. Жумуштун эффективдүүлүгүн көрсөтө алган адистер ар түрдүү компания же жумуш берүүчүлөдүн сунушун алып, бир убакта бир канча проект менен иш алып бара алат. Кыргызстанда орточо айлык акы – 20 миң сомду түзөт.
Касиет Кубанычбек кызы