Бул жылы пандемияга байланыштуу мектеп бүтүрүүчүлөрүндө өзгөчө абал жаралды. Сынактарды онлайн тапшыруу гана эмес, ЖРТнын өткөн жылдарга салыштырмалуу дээрлик бир айга кечиктирилүүсү болочок студенттерде тынчсыздануу сезимдерин жаратпай койгон жок. Алдыдагы кеңештер абитуриенттер үчүн…
1. Мүмкүнчүлүктөрдү баалаңыз.
Өткөн жылы жалпы республикалык тестирлөө 18-22 май аралыгында болгон. Ал эми бул жылы дээрлик бир айга кеч өткөрүлгөнү жатат. Демек, сиз бул аралыкта тестирлөөгө дагы да жогорку деңгээлде даярдана аласыз. Өзгөчө мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул учурда убакыттын баалуулугун билинип, ар бир мүнөттү колдон учурбай келечекке кам көрүп жаткан маалы. ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, жогорку бал алуу алдыда сиздин кандай кесипте жана окуу жайда билим алаарыңызды аныктоочу факторлордун бири экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
2. Максатка аракет менен жетесиз.
Кандай гана болбосун, психологиялык маанай чоң ролду ойнойт. Ал алдыдагы сынактардан ийгиликтүү өтүп, кыялыңыздагы билим берүүчү окуу жайга тапшыруу үчүн абдан маанилүү.
“Максатты көрүү. Тоскоолдуктарга көз жумуу. Өзүнө ишенүү!”
Максатка жетүү үчүн жогорудагы психологиялык эреже сиздин жагдайда да жардам берээрине ишенимдүү болуңуз. Сиздин максатыңыз – мыкты жогорку окуу жайда окуп, өзүңүз көксөгөн кесиптин ээси болуу болсо, ишеним – сиздин бүгүнкү аракетиңизден жаралат. Айталы, сиз бүгүн кайсы бир сабак боюнча алдыдагы сынакка даярдандыңыз. Аракет — ишенимди жаратуучу башкы курал экенин эч качан унутпаңыз.
3. План түзүү жана өзүңүздү баалоо
Студентттик турмуш – чоң турмушка аттануу түшүнүгүн берет. Бирок, студент болуу үчүн сиз бүгүнтөн тарта ага карата даярдык көрүшүңүз керек. Ар бир күнүңүзгө план түзүп, максатка карай аракет кылыңыз. Бир күндө канча саат, кайсы сабактарга даярдана аласыз – бардыгын кагазга жазып иш алып барыңыз. Окуу жайга тапшырып жатканда сиз сыяктуу жүздөгөн жаштар бар экенин эсиңизге салып, алдыңкылардан болууга умтулуңуз. Ар бир күнү түзүлгөн планды убагында аткаруу, ашыкча убакытта кошумча китеп окуу, керектүү ресурстарды издөө – сизге жетишкендик алып келет.
4. Балл жөнүндө билиңиз
Өткөн жылдардагы босого балл жана жогорку баллдарды карап салыштырыңыз. Бул маалыматтар окуу жайлардын сайттарында бар. Билим берүү жана илим министрлиги, бул жылы ЖОЖдорго кабыл алуунун босого баллы тестирлөөдөн кийин белгиленээрин билдирген. Өткөн жылы босого балл 110 дон жогору болгон. Белгилей кетүүчү нерсе, ар кайсы университеттердин ар кайсы факультеттеринде өздөрүнүн баллдык системасы бар. Тестирлөөдө эң жакшы натыйжаларды көрсөткөн (алтын сертификат деп аталган) 50 талапкер конкурстан тышкары каалаган университетине тапшыра алат.
5. Тестирлөөгө даярдануучу булактар
— Кыргыз жана орус тилдеринде ЖРТга даярдануу боюнча колдонмолор ЖРТга катталган абитуриенттердин бардыгына берилет. Ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун ( ББОУБ) сайтында «Улуттук тест» бөлүмүндө жайгашкан.
— ЖРТга даярдануу үчүн (2012-2013 жж) негизги тесттин бардык бөлүмдөрү үчүн жана предметтик тесттер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде видео сабактарды ББОУБдун YouTube каналынан алууга болот;
— Ошондой эле кыргыз тилиндеги негизги тесттин 2019-жылдын жаңы видео сабактарын ББОУБдун сайтынан жана аталган борбордун YouTube каналынан, “Илим-Элим” онлайн платформасынан көрүүгө болот;
— акысыз онлайн режиминде тест (эки вариант, негизги жана предметтик тесттер) кыргыз жана орус тилдеринде – ББОУБдун сайтында же социалдык тармактарда. Мындан тышкары ББОУБдун инстаграм баракчасында ОРТ жөнүндө маалымат, даярдануу боюнча кеңештер жана негизги жана предметтик тесттер бөлүмдөрү үчүн ачык тапшырмалар бар.
6. Кесип тандоо – чоң жоопкерчилик
Абдан жоопкерчиликтүү жана чечкиндүүлүктү талап кылуучу фактор. Кээ бир адамдар бала кезинен бир кесиптин ээси болом деп ошого карата тийиштүү билимдерди тереңден окуп келет. Бирок, көптү кыялданып так бир тандаган кесиби жок болгон абитуриенттер үчүн кесип тандоо абдан оор болушу мүмкүн. Анан калса, бүгүнкү күндө замандын талабына жараша бир топ жаңы кесиптер коомдо пайда болуп келет. Эң башкысы абитуриент айланадагы адамдардын айтканына, окуу жайдын абройуна карабай өзү сүйгөн кесиптин ээси болуусу зарыл. Кесипке ээ болуу, турмуш куруу сыяктуу… Сиз аны менен өмүрүңүздүн жок дегенде 30 жылын бирге өткөрүүңүз керек.
7.Атаандаштарыңызга жана өзүңүзгө чынчыл болуңуз
Жыл сайын Кыргызстанда жалпы ЖОЖдор үчүн 5700 бюджеттик орун берилет. Айрым университеттерде бир студенттик орунга 12-15 адам талон тапшырат. Мүмкүнчүлүгүңүздү баалап, ойлонуп көрүңүз. Балким, абройлуу окуу жай болгону менен сиз ошол адистикке анчалык деле кызыкпай жатасыз. Эгер кайсы бир кесипке чын дилиңизден кызыгууңуз жок болсо, бирок жогорку баллдын ээси болсоңуз, бул кесипти чындап каалаган абитуриенттин ордуна сиз өтүп кетишиңиз мүмкүн. Бирок, ал адистикте билим алып, келечекте иштеп кетээриңизге көзүңүз жетеби? Өзүңүздүн жылдарыңызды өзүңүз каалаган адистикке арнаңыз.
8. Бир учурда бир нече университеттерге талон тапшырууга аракет кылыңыз
Абитуриент бир эле учурда бир нече университеттерге кирүүгө укуктуу. Демек, аракет канчалык көп болсо, ошончолук көп мүмкүнчүлүк болот. Бир канча университетке талон таштоону пландап жатканда алардын кабыл алуу күндөрүн билип, жазып алыңыз. Окуу жайларды кыдыруу учурунда убакытка так болуп, алдын ала пландоо дагы чоң жоопкерчилик. Бардык университеттер жана академиялар (мамлекеттик жана коммерциялык) орто билим жөнүндө тастыкталган документтердин көчүрмөлөрүн кабыл алышы керек.
9. Келечегиңизге адилеттүү болуңуз.
Окуу жайга өткөрүп берем деген адамдардан алыс болуу – эң туура кадам. Ири сумманы берип, сүйлөшүү жолу менен окууга өтүү аракетинде алданып калышыңыз толук ыктымал. Андан көрө, контракттык негизде билим алуу бир кыйла арзан, акчаны төлөө мүмкүнчүлүгү жеңил жана ишенимдүү. Биринчи турда бюджеттик негиздеги бөлүмдөрдү тандоого аракет кылыңыз.
10. Документтерди дайындаңыз
Керектүү документтер жана сертификаттарды дайындаңыз. Ошондой эле кайсы бир университетке кабыл алуу үчүн дагы кандай документтер керек экендигин кабыл алуу комиссиясынан сурасаңыз болот. Эгерде сиз ооруп же кокустукка байланыштуу экзаменге келе албай калсаңыз, же сиз күтүлбөгөн жерден өзүңүздү начар сезип калсаңыз, анда дагы бир жолу кайра сынакка кирүүнү суранып көрүңүз. Эгер комиссия макул болгон күндө, медициналык мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтерди ала келүүнү унутпаңыз.
Карточка: Эмне үчүн IT тармагында билим алуу керек?
HR менеджер – перспективдүү кесиптердин бири
Карточка: СММ адистиги – заман талабы
Кыргызстандагы рейтинги жогору ЖОЖдор
Касиет Кубанычбек кызы