17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.
Маалыматка ылайык, аталган айылдын мурунку айыл өкмөтү 4 ай мурун райондун акиминин орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу шайлоо болуп өткөн. Шайлоого айылдан Турусбек Аттокуров жана Уланбек Осмонов талапкерлигин коюшкан. Жыйынтыгында депутаттар Уланбек Осмоновго ишеним көрсөтүшкөн.
Ак-Жар айылы
Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Кубан Алжанбаев шайлоо боюнча өз оюн айтты:
«17-июлда бизде айыл башчысын шайлоо болуп өтүп, ага 11 депутат толугу менен катышты. Айылыбыздан катышкан эки талапкердин буга чейин жасаган иштерин карап, алдыда эл үчүн иштеп, айылыбыздын өнүгүүсүнө салым кошо тураарын баамдап, добушубузду бердик. Ошентип 11 депутаттын ону Уланбек Осмоновду колдоп берди. Шайлоодо эң жогорку добушка ээ болгон Улан Осмонов айылда болгон иш чараларга активдүү катышып, жаштарга колдоо көрсөтүп келген. Көпчүлүк депутаттар бул талапкердин жасап жүргөн иштерин көрүп билгендиктен, дагы көп иштерди жасап, элдин көйгөйүн чечет деп ишеним көрсөттүк».
Эң жогорку добушка ээ болгон Уланбек Осмонов тууралуу кыскача маалымат:
Уланбек Осмонов 1977-жылы 29-январда Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында төрөлгөн. 1994-жылы аталган айылдагы орто мектепти аяктап, ошол жылы Кыргыз Агрардык Академиясынын гидрология факультетине тапшырып, 1998-жылы аяктаган. Окуусун бүткөн соң, Ак-Жар айыл өкмөтүндө гидротехник, 2001-2004-жылдары Ат-Башы райондук калкты камсыздандыруу башкармалыгынын биринчи даражадагы адиси болуп иштеп келген. 2004-жылы айылдык кеңеште депутат болуп шайланган жана андан тышкары ишкерлик менен алектенет. Үй-бүлөлүү. 2 кыз 2 уулдун атасы.
Ат-Башыда кирпич заводу ачылып, иштеп баштады
Асель Уркунбаева