1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.
Жамгыр жеп кеткен Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсү
Жамгыр жеп кеткен көпүрөнүн көрүнүшү
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенова:
“Бул көпүрөнү тез арада калыбына келтирбесе жол кырсыктары болушу мүмкүн. Анткени, жолдун эни тарып, туурасы кичирейди. Жол №15 жол тейлөө ишканасына таандык. Ошол себептүү ишканага абал тууралуу билдирдик. Алар жаан алып кеткен жердин көлөмүн аныктоо иштерин жүрүп жатканын айтты”,- дейт.
Бул жол Баетов-Казарман айылдарын бириктирген негизги трассанын бири.
Ошондой эле, жаандан кийинки кыяндын кесепетинен Ала-Буга насостук станциясынан Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарынын суу сактагычына келип куя турган магистралдык каналдар шагылга толуп калган. Ал эми эртең менен айдоо аянттарына суу келбей калгандыктан айыл эли чогулуп, ашар жолу менен каналды, айланасын шагылдан тазалашты.
Кечээ күнкү жааган жаан биздин айыл үчүн чон маселе жаратты деп кошумчалады айыл өкмөт башчы.
Куланак: Жааган жамгыр кыянга айланды
Барчын Мамытбекова