Ала-Букалык ишкер Пардакан Томуева 15 жылдан бери тигүүчүлүк тармагында ишкерлик кылып келет. Бул жылы ал өз эсебинен дээрлик 2 миллион сомго тигүүчүлүк цехин курууда. Жаш кезимде жумуш издеп Орусияга чейин көп бардым деген ишкер, айылда аялдарга жумуш ордун түзүү максатын жүзөгө ашырып келет.
Алабука районунун Теңге айылынын тургуну, ишкер Пардакан Томуева 2005-жылга чейин ооруканада медайым болуп эмгектенген. 2005-жылы ал үйдө турган кайын энесинин жалгыз кол машинеси менен иш баштоону чечкен. Ал арада акча тартыштыгынан борбор калаага барып, тигүүчүлүк цехтерде иштеген. Ошол учурда ал өз бизнесин түзүп, айылдагы аялдарга жумуш ордун түзсөм деген кыялдары менен жашаган.
«2005 – жылы медайымдык ишимди таштап, кол өнөрчүлүккө өттүм. Анткени, 700 сом айлык алчу элем. Балдарым да студент болду. Экинчиден, бала кезимден кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. Өзүмдүн талантым да тартып кетти окшойт. Бирок, бизнеске толук кирише албай, шартка байланыштуу шаарга барып иштеп жүрдүм. 2014-жылы “Седеп” деп жеке ишкер катары катталып, кол өнөрчүлүк жана тигүүчүлүк тармагында иш алып бара баштадым. Ушул эле жылы аялдардын чакан ишкерлигин колдоо боюнча долбоорго катышып, тигүүчү төрт машина утуп алдым. Мындан кийин кыздарды да ишке алып, 5 кыз болуп иштеп жүрдүк. Андан кийин дагы көбүрөөк кыздар менен иштесем деген аракет менен тигүүчүлөрдүн санын онго жеткирдик. Өткөн жылы болсо, USAID уюмунун “конкреттүү ишкана” долбооруна катышып, 16 тигүүчү машина утуп алдым».
Пардакан айымдын эң кубанычтуу жаңылыктарынын бири – ал учурда өз аракети менен 1 миллион 800 миң сомдук тигүүчү цехин курууда. Бир айдын ичинде ремонту толук бүтүп, ишке кирип калат деген тилегин билдирген айым, ушул күнгө чейин ишмердүүлүгүн өз үйүндө жүргүзүп келет. Ишкерликти тобокелчиликке карабай шаарда эмес, айылда баштаганын ал төмөндөгүчө билдирди.
«Мындай ишти айылда баштап жатканымдын себеби – мен өзүм ушул айылда туулуп, ушл жерде жашайм. Жаш кезимде жумуш издеп шаарга, Оруссияга чейин көп бардым. Балдарым бул жерде, мен чет өлкөдө болуп, аларды сагынып ыйлап жүрдүм. Ишкерликти айылда кылууга түрткү кылган дагы бир жагдай, шаардагы тигүүчүлүк цехтерде эмгектенген кыздардын дээрлик 90% айылдан барат. Алардын көпчүлүгү эле айылда жумуштун жоктугунан барып жүрүшөт да. Өзүм ошо шаарда иштеп жүргөн кезде эле, аялдарды үй бүлөсүнөн алыс кетирбей эле айылда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзө алсам деп ойлончумун. Мага окшоп балдарын сагынып кыйналбай, үй бүлөсүнүн кашында эле иштеп, жашаса деген тилек менен тигүүчүлүк цехти айылда курууну чечтим. Жок дегенде, ишкананы райондо ачпайсыңбы, жардам беребиз дегендер да болгон. Бирок, айылда эле ачууну туура көрдүм».
Айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоо максатында ачып жаткан тигүүчүлүк цехим ишке кирсе, 30 адам эмгектене алат дейт ишкер айым. Алардын болжол менен жыйырмасы тигүүчүлөр болсо, 10 чакты айым кол өнөрчүлүк менен иш алып барат.
«Кол өнөрчүлүктө биз шырылган чапандарды тигебиз. Саймадан, курактан улуттук киймдерди тигебиз. Мындан тышкары, шырдактын шырмал деген түрүн жандандырып жатабыз. Бул эл ичинде унутулуп бара жаткан экен. 3 жылдан бери ушул ишке басым жасап, шырмал шырдагын жандандырууга аракет кылып жатам. Андан тышкары, илгери биздин энелерибиз тигип келген курактан көшөгөлөрдү, туш кийиздерди тигип жатабыз. Анан айылдын буюртмасы менен сеп жасайбыз. Учурда жалпысынан 16 айым иш алып барабыз».
Ишкерлик – тобокелчилик менен жандаш жүрөөрүн Пардакан айым күн сайын сезет. Тигүүчүлүк ишинде буюртма табуу жана өндүрүлгөн буюмдарды кайра сатуу көйгөйү бар. Анан калса, айылдан борборго жеткирүү убакытты талап кылат.
«Мен мурда беш, алты кыз менен бир айда бүтүргөндү азыр 16 айым эки-үч күндө эле бүткөрүп коет. Андан тышкары, шаардан буюртма алуу көйгөйү бар. Анткени, буюртма бергендер жолдун алыстыгын эсептеп, ойлонуп беришет…»
Үндүк багып ишкерлик кылган Айгүл апа
Тасма айылы: Пандемия чоң ишкердикке түрткү болду
Ат — Башыда ангус жана голштин асыл тукум уйларын баккан ишкер
Касиет Кубанычбек кызы