Коронавирус эпидемиясы дүйнөнүн туш тарабына жайылып турган мезгилде өлкөбүз башкалар сыяктуу эле оор абалды башынан өткөрдү. Оорукана, дары-дармек жетишсиздиги, жумушсуздуктун айынан ачка калган тургундар, дем алышсыз иштеген дарыгерлер, айтор мунун бардыгы эч бирибизди ойлондурбай койгон жок.
Мына ушундай кырдаалда колунан келген ишти жасап, оор мезгилде жардамын көрсөткөн инсандардын болгондугу кубандырат. Бүгүн биз пандемия учурунда ыктыярчылык кылып жана башка ар кыл иштер аркылуу көмөк көрсөткөн адамдарды чагылдырып беребиз.
Жылдыз Жекшенбаева Кемин шаарындагы энелер жана жаштардын “Чексиз Кут” бирикмесинин төрайымы. Аталган бирикмеде жаштардан жана энелерден түзүлгөн айымдар мүчө. Пандемия учурунда бирикмедеги айымдар кайдыгер карабастан, кызыл тилкеде иштеген бардык кызматкерлерге ысык тамак уюштуруп, жасап жаткан эрдиктери үчүн ыраазычылык билдиришкен.
Ысык тамак райондогу оорукананын бардык тийиштүү кызматкерлерине берилген
“Covid-19 убагында биз “Чексиз кут” энелердин жана жаштардын бирикмеси демилге көтөрүп, сүйлөшүп, Кемин шаарындагы райондук ооруканада иштеген бардык кызматкерлерге ысык тамак тараттык. Анын ичинде дарыгерлер, студент ыктыярчылар, санитардык кызматкерлер бар болчу. Биз ырым жолунда жүргөндүктөн, жыт чыгарып, эл-журтубузга тилек айтып бата кылганбыз. Ар бир биздин бирикменин айымдары өз чөнтөгүнөн жардам көрсөтүштү.”
Аталган бирикменин айымдары ооруканага баруунун алдында тилек айтып, бата кылууда
“Оор күндө бул биздин эл-журтубузга, жапа чеккендерге, мед кызматкерлерге болгон жардамыбыз ушул болду. Себеби бул убакта ар бирибиз өзүбүздүн айылды, шаарды, мамлекетти көтөрбөсөк ким көтөрөт? Биз угуп жаттык, дарыгерлер жадакалса ошол биз алып барган тамакты жегенге да акыбалдары келбей калып жаткандыгын угуп жаттык.”
Жылдыз Жекшенбаева колдоо көрсөтүп, жардам кылган бардык айымдарга ыраазычылык билдирди:
«Чексиз Кут» энелер жана жаштар бирикмесинин төрайымы Жылдыз Жекшенбаева
“Анаркүл Бейшеналиева деген апабыз өзү чөп дарыгер, ал биздин демилгени аябай сүйүнүп колдоп, өзүнүн даары чөптөрүнөн берип, колдоо көрсөттү эле. Бирок, тилеке карыш ал апабыз азыр арабызда жок. Бирикмедеги кыздарыбыздын баарына ыраазычылык билдирем, жардам керек болуп турганда таштап кое албайт экенсин. Арабызда ушундай ыйык энелер, жан дилин берген айым кыздарыбыз бар экен. Биздин салтуу билимибизди алып, айткан сөздөрүбүздү угуп, энелик жолубузду улантып келе жаткан кыздарыбызга таазим кылат элем. Бул улуу жол, эне мээрими өчпөсүн.”
Буга окшогон жардам көрсөтүп, пандемия учурунда эрдик жасаган айым кыздарыбыз өтө көп. Дал ошол вирус күчөп турган маалда, башканын өмүрү үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салган ыктыярчы Адинай Мурзабекованын бул дүйнө менен кош айтышы буга далил. Түбөлүк жаркын элесине таазим кылабыз.
Зыйнат Самар кызы