Арстанбап айыл аймагында Футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Футболго жаштар айыл башчы менен катышып кызыгуу жаратты.
Футбол боюнча мелдеш ТаасирЛинк долбоорунун колдоосу менен өттү.
Арстанбап жаштары Достук кубогуна айыл аймагынын айыл башчысы иш-чаранын максатына жеткирүү үчүн өзү да кошулуп футбол ойноду.
Футбол оюнуна кошулуп мелдешкен айыл башчы команда менен биргеликте
Бардыгы болуп сегиз команда катышып, үч команда финалга чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдешке Гумкана, Арстанбап Жарадар айылдарынын спортсмендери катышышты. Жеңүүчүлөргө кубок, спорттук бут кийимдер, кызыктыруучу белектер менен бирге мактоо баракчалары да берилди.
Белектер
ТаасирЛинк долбоору Search for Common Graund (SFCG) Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюму жана «ЖашНиет» Коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат.
1-орун «Жаш күч» командасы алды.
«Жаш күч» командасы
Буга чейин ТассирЛинк долбоорунун алкагында шахмат мелдеши уюштурулган.
Ширин Маратбекова