Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучулары Эльвира Асанбекова жана Бактыгүл Мухтарбек кызы “КРнын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата өткөрүлгөн бир айлыктын жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды камсыз кылышты.
Эльвира Асанбекова 11-класстын окуучусу
Аталган мектептин 11-классынын окуучусу Эльвира Асанбекова: “Сынак тууралуу кыргыз тили сабагынан берген мугалимим сунуштады.
Сынактын тапшырмасы боюнча “Мен келечекте дарыгер жана куткаруучу болгум келет” темада эссе жазуу керек экен. Эссе жазууда интернет булактарынан маалымат издеген жокмун. Анткени темасы мен келечекте тандай турган кесибиме байланыштуу болчу. Ошол себептүү жүрөгүмдө багып жүргөн оюмду, максаттарымды жаздым. Эсседе мен үчүн эң кымбат болгон жана келечекте дарыгер болуума түрткү берген адам-атам жөнүндө дагы жаздым эле”,- дейт.
Сынактын шарты боюнча Эльвира 3 барактан ашпаган жана кем эмес эссе жазган. Жыйынтыгында, “Эң мыкты номинациясында Бактыгүл Муктарбекова I-орун, ал эми Эльвира ушул эле номинацияда II-орундарга ээ болушуп, баалуу белектер менен сыйланышкан.
Сынактын жеңүүчүлөрү Эльвира Асанбекова жана Бактыгүл Муктарбекова
Улуттук Кызыл жарым ай коому Швейцариялык Кызыл Чырым коомунун каржылоосу менен мектеп окуучулары үчүн уюштурулган бул сынакка 670 мектептен 1339 окуучусу өз эмгектери менен катышты. Алар “Мен келечекте куткаруучу, дарыгер болгум келет”, — “Коронавирус пандемиясы эмнеге үйрөттү”, — “Суу жээгинде эс алуу эрежелери” темалары боюнча “Эң мыкты эссе” жана “эң мыкты сүрөт” деген номинацияларда эмгектерин жиберишкен.
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуган окуучулар сынакка катышып, алардын ичинен жети окуучу «Кыргызстандын мыкты окуучусу» деп табылды.
Барчын Мамытбекова