Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарлардын бири ак илбирс. Ак илбирстин тукуму акыркы 20 жылда 2-3 эсе азайганы маалым.
1980-жылдардын башында ак илбирстин саны 600- 1400 эле. Бирок тилекке каршы акыркы 20 жылда 2-3 эсе азайды. Учурда Кыргызстанда ак илбирстин саны 100-200 дөй эле калган. Иштебеген мыйзамдын жана мергенчилердин кесепетинен ак илбирстин тукуму жок болуп кетүү коркунучунда турат. Ак илбирс жылына эки жолу төлдөйт. Ошого карабастан көбөйгөн жок.
Ак илбирс ичке, узун, ийилчээк келет
Ал 6000-7000 метр бийиктикте жашайт жана 15-20метрге чейин секире алат. Ошол үчүн мергенчилерден качып кетүүсү толук мүмкүн. Эгерде кимдир бирөө аты аталган жаныбарды атып жиберсе 500 000 (беш жүз миң)сом айып пулга жыгылат.
Ак илбирстерди башкача айтканда ак карлуу тоонун падышасы десек болот
Бул жаныбардын дүйнө жүзү боюнча саны 7 миңге жакын. Ак илбирстин тукуму Гималай менен Тибет тоолорунда жайгашкан, жана 12 өлкөдө кездешет. Аты аталган жаныбар адамдарга ыйык катары саналып символикалык белгилерге айланган
Ак илбирс мышык сымалдардын тукумунун сүт эмүүчү жаныбарына кирет.
Бермет Жумабекова, Бегимай Бакасова, Сильвара Төлөбекова, Нурбол Султанбеков