2-декабрь күнү Бишкекте Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жаңы студиясы ишке кирди. Студия элет жериндеги социалдык маселелерди борбор калаада чагылдырууга багытталган. Көрсөтүүлөр Facebook жана Youtube социалдык тармактары аркылуу чыгат.
Жамааттык Медиа студиясы
Студиянын ачылуусунун негизги максаты элет жергесинде саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, инфраструктура, юридикалык сабаттуулук ж.б чагылдырып, айыл турмушунун өнүгүүсүнө салым кошуу.
Студиянын Бишкекте ачылуусунун негизги себебин Жамааттык ЖМКлар Бирикмесинин аткаруучу директору Назира Жусупова төмөндөгүчө билдирди.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова
“Жамааттык медиалар кайсы бир материалдарды даярдоодо серепчилердин, чечим чыгаруучу органдардын оюн билдирүүгө муктаж болгон учурлар кездешет. Алардын басымдуу бөлүгү борбордо жайгашкан. Ал эми жамааттык мультимедиялык борборлордун көпчүлүгү Кыргызстандын алыскы аймактарында, чакан шаарларда иш алып барат. Ушундай кырдаалда маалымат алууга тоскоолдук жаралгандыктан, студия максаттуу түрдө борбордо ачылды. Элет жергесиндеги элдин суроолоруна жооп бере ала турган адистер ушул студияга келип маек курушат.”
Студия Интерньюс Кыргызстан уюмунун Media-K долбоорунунун колдоосу менен ишке ашты. Аталган долбоор алкагында техникалык жабдыктар алынып, журналисттер окутуулардан өтүп, мындан ары өнүгүү стратегиялары кабыл алынды. Интерньюс Кыргызстан уюмунун өкүлү, TRACK долбоорунун жетекчиси Азамат Тынаев Жамааттык Медиа каналынын түз эфиринде өз куттуктоосун билдирди.
Интерньюс Кыргызстан уюмунун өкүлү, TRACK долбоорунун жетекчиси Азамат Тынаев
“Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жаңы студиясы түзүлдү. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш. Бул нерсе менен жалпы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин кызматкерлерин куттуктайм. Алдыда чоң ийгилик, жетишкендиктерди каалап кетем. Жамааттык медианын техникалык жактан мындай өсүшүн көрүп абдан сүйүнүү сезими болуп жатат. Азыркы заман абдан чоң талаптарды коюп жатат. Эмне үчүн дегенде, биринчиден техниканын өсүшү. Экинчиден, аудитория журналисттик ишмердүүлүктүн сапатынын жогорулоосун күткөнү, үчүнчүдөн чоң атаандаштык бар. Ушул атаандаштык жарышта, техникага маани бербеген медиалдар артта кала баштайт. Алдыда, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөрдө чоң өсүш болот деген ишенимдемин”.
Жамааттык медиа элет жериндеги кабарды жеринен ыкчам, бейтарап чагылдырат. Анын салттык медиадан айырмачылыгы, элет жеринде жашап, эмгектенген мугалимдер, ыктыярчылар, фермерлер жана жарандык активистер жаңылыктарды жеринен берип келет. Алар жыл сайын журналисттик багытта окутуулардан өтүп келишет.
Кыргызстан боюнча Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлүгүнө 23 мультимедиялык борбор жана 4 үналгы катталган. Радиостанциялар жыштык аркылуу өз уктурууларын угармандарга тартуулайт. Ал эми мультимедиялык борборлор сайтка маалымат чыгарат. Ал маалыматтарды ар бир смартфон колдонуучу “Айыл үнү” мобилдик тиркемеси аркылуу окуй алат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда эң алгачкы “Радиомост” жамааттык үналгысы 2006 – жылы Талас шаарында түптөлгөн. Ал, 2007-жылдан тарта обого чыга баштаган.
Бизди социалдык тармактарда да таба аласыз. Биз элет үнүн чагылдырабыз!
Youtube — Жамааттык Медиа
Facebook — Общинные радио и мультимедиацентры Кыргызстана
Instagram – @jamaattyk_media
Telegram – Kyrgyzmedia.kg