Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери «Биз биргебиз» акциясын өткөрдү. Акцияга мектептин мугалимдери катышып, топтолгон акчага мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жана таттуулар алынып, үйлөрүнө барып тапшырылды.
Мектеп директору Давлет Омурзакова төмөндөгүлөргө токтолду:
Биз мугалимдер жамааты дайыма мындай акцияларга активдүү катышабыз. Аз да болсо балдарыбызды кубанычка бөлөп, алардын ыраазы болгон жүздөрүн көрүү бул эң жакшы сезим. Мугалим ар бир баланы өзүнүн баласындай көрүп, анын көңүлүн көтөрүүгө аракеттенет. Биз да бүгүн окуучуларыбыз менен кубанып жаткан чагыбыз. Өз кезегинде мен жалпы жамаатыма ыраазычылык билдирем».
Мектептин соц.педагогу Зарина Самидинова: «Биринчиден биздин эмгек жамаатка рахмат. Анткени акция башталганда эле активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мугалимдин айлыгы аз, бирок ошол бир нанынын бир бөлүгүнөн окуучулары үчүн бөлүшүп, кубаныч тартуулашты. Балдар биздин келечегибиз. Аларга дайыма кам көрүү биздин милдетибиз».
Тимурлан Мелисбеков