Жаңгак өтө пайдалуу жемиштердин катарын толуктайт. Адамдын организмине тийгизген пайдасы дагы зор.
Жаңгак ным жана жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Ным жетиштүү жерлерде бийик, көркөмдүү болуп өсөт. Жаңгак өтө пайдалуу жемиштердин катарын толуктайт. Кыргызстанда жаңгак дарактарынын көпчүлүгү Арстанбап, Көгарт, Жаны-Жол жана Өзгөн аймагында кезигет. Жаңгак токойлорунун дүйнө боюнча эң ирилери Кыргызстанда жайгашкан.
Азыркы кезде табигый токойлордон жаңгактын бири-биринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү табылган.
Жаңгактын мөмөсү данектуу, тоголок же сүйрү. Данеги тамак заттарына өтө бай. Аны менен адам жана жапайы жандыктар да (донуз, кирпи, кашкулак жана башка) азыктанышат. Данектин 45-70 проценти май, 8-21 проценти белоктон турат. Жаңгактын данеги өтө жогорку калориялуу азык. 1кг данеги 8000-8500 калорияга чейин энергия берет.
Жаңгак 7-8 жылдан кийин түшүм бере баштайт.
Жаңгак кулинария жана кондитер өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Кыргызстандагы жаңгактардын данегинен майлуулугу да өтө жогору. Маселен, биздеги жапайы токойлордогу өскөн жаңгактын данегинде май орто эсеп менен 70,8 процентке барабар болсо, Францияда эгилме жаңгактын майлуулугу орточо 55,5 проценттен ашпайт.
Жаңгактын жалбырагынан жыттуу заттар жана С витамини алынат. Кабыгы боёк катары колдонулат. Сөңгөгү өтө бышык, кооз келип баалуу мебелдерди жасоого жумшалат. Жаңгак медицинада дары-дармек жасоодо да пайдаланат.
Иммунитетти көтөрүү үчүн балга жаңгакты кошуп, ачкарын бир кашыктан жесеңиз болот.
Ооган-Талаа: Жаңгак кыямынын пайдасын билиңиз
Милана Тынчтыкбекова