Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу бала бакчалар дагы аралыктан иштеп жатышат. Ошого байланыштуу Ак-Талаа районундагы бала бакчалардын Жаңы Жылдык балаты майрамына карата иш-чаралар аралыктан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бөбөктөрдү Жаңы Жылы менен район акими Сейтек Дөөлөтбеков, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктап, балдарга ден-соолук жана ийгилик каалады
“Тынчтык” бала бакчасынын “Дилгир” тайпасынын тарбиячысы Мунара Султаналиеванын айтымында илдетке байланыштуу бакчада балдардын балаты майрамы өткөн жок.
“Бирок бөбөктөрдүн маанайын көтөрүп, балатыга карата ата-энесинин жардамы менен жаттаган ырларына, жакшы тилектерине күбө болуу үчүн аралыктан өтүүгө туура келди”,- дейт.
Жаңы жылдык белектер окуучулардын үйлөрүнө жеткирилди
Барчын Мамытбекова