Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында жылды жыйынтыктоо менен бирге жыл ичинде талыкпай эмгектенген жылдын мыктыларын куттуктоо аземи болуп өттү.
Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Аманкан Кенжебаев жалпы кыргыз элин кирип келген жаңы жылы менен куттуктап, апаат күндөрдө талыкпастан эмгектенип, илдетти бирге жеңген Сокулук районунун тургундарына терең ыраазычылык билдирди.
Пандемия убагында демөөрчүлүк кылып, күнү-түнү эмгектенген демөөрчүлөргө, ак халатчан дарыгерлерге, МЧСтин кызматкерлерине ыраазычылык кат ыйгарды.
ИИМдин, милициянын кызматкерлерин, Айыл өкмөт башчыларын, аралыктан окутууда салым кошкон, Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер, бала бакчанын жетекчилери, мектеп жетекчилерин, Көк бөрү оюнунда ийгиликти багындырган оюнчуларды Ардак грамота, төш белги жана белектер менен куттуктап, жагымдуу маанай тартуулады.
Солдон биринчи Дамиракан Кенжекулова
«Мугалимдик кесип ардактуу, «Ардактуу мугалим» деген төш белги алганыма аябай кубанып жатам, эмгегинди эл баалайт деген ушул», — деп билдирди Төш — Булак айылындагы Рапком Кулданов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Дамиракан Кенжекулова.
Сокулук районунда жаш майыптарга белек тапшырылды
Айдай Джолчубекова