Малдарды тоюттандыруу алардын ден-соолугуна, азыктуулугуна жана анын сапатына таасир берүүчү маанилүү фактор болуп эсептелет. Элде бекеринен айтылбаса керек «уйдун сүтү тилинде» ошондуктан мал үчүн тоют даярдоо жана аларды тоюттандырууда өзгөчө көңүл буруу маанилүү.
Өсүмдүктөр топурактагы органикалык эмес кошулмалардан органикалык кошулмаларды (углеводдорду, протеиндерди жана майды) синтездейт. Мал болсо ошол чөптөр менен тоюттанып, азык заттарды, минералдык жана витаминдерди алышы керек. Ошондо гана жаныбарлардын организми органикалык массаны түзүп, организимдеги резервди толуктайт жана эт, сут, каймак, май азыктарды бере алат.
Малдын тоютунун көбүрөөк бөлүгү бул өсүмдүк сырьесу, ошондой эле аны кайра иштетилгенден кийин алынган азык- түлүктөр. Малды тоюттандыруу рационун түзгөндө, малдын сиңиримдүү азык заттарга муктаждыгын, тоютун химиялык курамын эске алуу менен балансташтырылган рацион түзүү керек.
Бул малдын азыктуулугуна,тиричилик аракетине жана ден соолугуна зарыл болгон азык заттарды, минералдык жана витаминдерди камсыздоочу рацион. Башкача айтканда курамында малдын организмине керек болгон бардык азык- заттары бар тоюттардын жыйындысы. Балансташтырылган рацион -бул мал чарбачылыгынан жогорку өлчөмдөгү сапаттуу азык заттарды алуу учун туура тоюттандыруунун негизи.
Бул туура эмес эсептелген рацион. Башкача айтканда малдын ден соолугуна зарыл болгон азык заттарды, минералдарды жана витаминдерди камсыз кыла албаган, тоюттардын азыктуулугу эске алынбаган, тастыктугу эмес маалыматтардын негизинде түзүлгөн рацион.
Балансташтырылбаган рациондун азыктуулукка тийгизген себептери:
Фермердик шартта, мал аз болобу көп болобу, тоютту акырга салып берүү керек!
Акыр — кургак чөп, жем тоюттарын берүүчү атайын жасалып орнотулган буюм акыр болуп эсептелинет. Алар тик бурчтуу формада болуп, жайгашышы жерде жерден өйдө жана бийиктигин ылайыкташтыруучу тетиктери бар акырлар болот. Мындан тышкары жыгач менен иштегенди билген фермер өз колу менен жыгач доскалардан акыр жасап алса болот. Акырды өз колу менен жасаса, ал ыңгайлуу жана бекем болот. Акырлар тоюттун түрүнө жараша ар башка болушу керек, кургак тоюттарга өзүнчө, суюк тоюттарга өзүнчө.
Талаптарга жооп берген акырдын алдыңкы капталы артка ачылма, алды темир решетка менен капталган болуу керек. Акыр жеңил чечилип, жайында кургатып, же тазалап, жууганга ыңгайлуу болуу керек. Мал башына жараша узундугу 100-120см ден бир нече метрге чейин, үстүнкү туурасы 60-80см, түбүндөгү туурасы 35-40см, тышкы капталынын бийиктиги75см болсо болот. Суюк тоют түрүн, сууну – пластик идиштерге же чакаларга илип берүү сунушталат.
Уй тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
Голштино – фриз тукумундагы уйлар тууралуу билиңиз
Герефорд уйларынын артыкчылыгы эмнеде?
Айгерим Кубатбекова