Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде экинчи жарым жылдык окуунун биринчи бөлүгү кадимки окуу режим менен башталды.
Колунун тазалыгын текшерүү
Гүлсина Капарова мектебинде дээрлик 271 окуучу билим алып жатат. Буга чейин баарыбызга маалым болгондой пандемия учурунда баардык мектептер онлайн режими менен окуп келишсе,бүгүнкү күндөн тарта окуучулар кадимки окуу режимине өтүштү. Окуучулардын жүзүнөн мектепти сагынганын, мугалимдин тактага жазып, жанына туруп сабак үйрөткөнүн, окуучулар бири — бирин сагынып, бир партада отуруп сабак окугулары келгенин байкоого болот.
Январь айынан баштап мектеп мугалимдери мектеп босогосун аттап, өз окуучуларын тосуп алуу камын көрүп жатышат. Окуу толук кадимки окуу режими жаңы өтүп жаткандыктан анын үстүнө коомчулуктагы оору толук жок болбогонуна байланыштуу бир аз болсо да кооптонуу бар. Ошондуктан, ар бир мугалим өзү ошону менен бирге окуучулардын да бет кап тагынуусун жана жанында антисептик болуусун көзөмөлдөп жатат.
Муну менен кошо окуучулардын дене табы мугалимдердин сөзсүз көзөмөлүндө. Ар бир тыныгуу учурунда каалгалардын туткаларын хлор марли менен байлап, алмаштырып жатышат, көзөмөлдөө жагын мектептин жаңы мүдүрү Гүлазар Муонбаева дыкаттык менен карап жатат.
Дене табын текшерүү
Салттуу окууга баруу үчүн ата-энелердин макулдугу керек
Аида Карыбекова