Бөрү карагат — Кыргызстандын бардык райондорунда өскөн жапайы бадал өсүмдүк. Ал таштуу жерде, тоонун эңкейиш боорлорунда, ийне жалбырактуу токойлордун арасында өсөт. Анын дарылык касиети изилденип, көпчүлүк дарылардын составына кошулат.
Бөрү карагаттын жалбырагында, тамырында берберин, бербамин, оксиакантин, леонтин алкалоид заттары бар. Анын мөмөсү өзгөчө С витаминге бай жана органикалык кислоталары дагы бар.
Бөрү карагат Кыргызстандын бардык райондорунда өсөт
Медицинада колдонулушу…
Бөрү карагаттын эң негизги химиялык заттарынын бири болгон берберинбин кан токтотуучу таасири бар. Жалбырагынан даярдалган спирт – суудагы тундурмасы ички органдардын кан агуусунда, жатындан кан агуу учурунда колдонулат. Бөрү карагаттын препараттарынын өт айдама, заара айдама жана сезгенүүгө каршы колдонулуучу таасири бар.
Тамыры жана кабыгы денеде ысыкты төмөндөтүүчү каражат боло алат
Бөрү карагаттын жалбырагынан даярдалган суудагы кайнатма тундурмасы өт жолдорунун, өт баштыкчасынын сезгенүүсүндө колдонуп, адамдын абалы тезинен оңолот. Тамыры жана кабыгы денеде ысыкты төмөндөтүүчү, тынчтандыруучу жана микробдорго каршы каражат катары дагы колдонулат.
Элдик медицинада…
Элдик медицинада бөрү карагаттын мөмөсүн кан басымын төмөндөтүүгө, заараны, өттү айдоого пайдаланышат. Ошондой эле, он эки эли ичегинин жара оорусунда, гемморойдо, ич өткөндө, С витамини жетишсиздигинде да дарыласа жакшы таасир берет.
Бөрү карагатты даярдоо ыкмасы…
Бөрү карагаттын жалбырагынан суудагы кайнатма тундурмасын даярдоо үчүн майдаланган жалбырагынан 10 г (1 аш кашык) алып, 1 стакан кайнак суудан куюп, кайнап турган суу баняга 15 минут ысытат- аз-аздан кайнатат, мындан кийин 45 минут үй температурасында тыныктырат, чыпкалайт, даяр болгон тундурманын кайнак суу кошуп бир стаканга жеткизет.
Тундурманы муздак жерде 2 күн сактоого болот. Аны бир аш кашыктан күнүнө 3-4 маал ичүү керек, бул боордун жана өт жолдорунун сезгенүүсүндө жардам берет.
Ал эми мөмөсүнөн суудагы демдеме тундурмасын даярдап алыш үчүн, майдаланган мөмөсүнөн 2 чай кашык алып, 1 стакан кайнак сууда 45 минут тыныктырып, чыпкалап 1-2 аш кашыктан күнүнө 4 маал тамак ичээрден мурун ичилет
Мөмөсүнөн шире даярдап, витаминдүү каражат катары колдонууга болот
Чыны карагатты кантип өстүрсө болот?
Асель Уркунбаева