Ат чабыш байыркы замандан бери эле кыргыздын эң кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли төрт түлүк мал өстүрүүнү кесип кылып келген. Алардын ичинен жылкы өзгөчө орунду ээлеген.
Кыргыз турмушунда жылкы минсе — ат, жүк артса — унаа, сааса саан болуп кызмат кылган, сойсо чүйгүн эт болгон. Жылкынын төкмө жорголору, коо бузар күлүктөрү өтө жогору бааланып, аларды байгеге кошушкан.
Саяпкерлер чабыла турган аттарды бир — эки ай кермеге байлап азыраак жем -чөп берип, анда — санда терин алып, таң ашырып таптаган.
Чабыла турган күлүктөрдүн көкүлдөрү шүйүлүп, куйруктары түйүлгөн. Күлүктөрдү 8 — 14 жаштагы чыйрак балдар чапкан. Ат чапчу балдардын башына жоолук байлап, тердеген аттын көзүнө жуккан чаңды сүртүшү үчүн колуна ак чүпүрөк беришкен.
Ат чабыш илгертеден эле кыргыз элинин турмушунда өтө маанилүү орундуу ээлеген.
Аттар айдалар алдында чубатууга салынып, байгеге кошулчу аттардын саны аныкталган. Анан эки же үч ат айдоочу адам дайындалып, алар ат чапкан балдарды белгилүү жерге жеткирет да күлүктөрдү сапка тизип, жарышып жөнөөгө белги берген.
Ат чапкан балдар адашып, тетири жолго түшүп кетпес үчүн, эки айрык, үч айрык жолдордун тоомдоруна нускоочулар, жаңдоочтор коюлуп, алар ат чапкан балдарды туура жолго салып турушкан.
Аттарга сайылган байгелер калыс адамдын карамагына берилип, ал даекчи деп аталган.
Кыргыз жомокторунда, айрыкча «Манас» эпосунда ат чабыш жана ашкере күлүк тулпарлар жөнүндө көп айтылат.
Чабылган аттарга жолдон ат кошуп койбос үчүн, жолдун марага жакын жерлерине кароолчулар коюлган.
Аттар сүрөлүп да, сүрөлбөй да чабылган. Түпкү сүрөөлгө барган ат сүрөгүчтөр чуркап келе жаткан күлүктү капталдан качырып сүрөбөстөн, атты алдыга өткөрүп жиберип, аркасынан кууп жетип сүрөшкөн.
Милана Тынчтыкбекова