Таза суу маселеси жалпы Кыргызстанда эле чечилбей келе жаткан көйгөй экени белгилүү. Айрыкча, суусу мол Суусамырда да аталган маселе аягына чыкпай, кечеңдетилип келет. Алсак, өрөөндөгү бир айыл гана таза суу менен камсыздалганы менен калган беш калктуу пункттун эли агын суулардан, кудуктардан пайдаланууга мажбур.
Маселен, суу түтүктөрүнүн жоктугунан Тунук айылынын тургундарынын көбү үйлөрүнө кудук каздырып алышкан. Бирок ошол кудуктардагы суунун сапаты көзөмөлдөнүп, текшерилген эмес. Ичүүгө кооптуу экени, караган кишиге эле киргилденип көрүнүп турат. Жашоочулар да таза суу таңсыктыгынан улам кир сууну ичип жатышканын, кыш келгенде кудуктан суу алуу да татаалдашарын жашырышпайт.
Буга мисал Тунук айылынын тургуну Алмаш Кулахматова үйүндөгү кудуктан суу алуу маселелерине мындайча токтолду: «Азыркы убакта биздин кудуктан таза суунун чыгышы көйгөй. Мындан 4 жыл мурун 7 метр жерди казып суу чыгарганбыз. Кышкы суукка байланыштуу кудуктун үстүнө муз туруп калууда. Эки жылдан бери суу да жакшы, тунук чыкпай, алыстагы таза суу түтүктөрүнөн ташып ичип жатабыз. Бирок ташып ичүү деле чоң маселе, аздан агып кезекке туруп калабыз».
Айыл тургундары өз короолоруна казып алган кудуктун тереңдиги 10 метрден ашпайт
Ушул эле айылдын тургуну Салтанат Кожомкулова да үйүнө кудук каздырып жаткандыгына таза сууну ташып ичүүдөн тажагандыгын жүйө келтирип:
«Кудук каздыруу оор эле иш. Муну менен катар андан сууну алууда да электр энергиясы керектелет. Ага карабай, таза суу жоктугунан ушуга барып жатабыз. Суу түтүктөрүн киргизип, таза суу ичсек жакшы эле болмок»,- деди.
Ал эми тазалыгы анык эмес суу саламаттык үчүн кооптуу экенин Тунук айылынын жергиликтүү дарылоо борборунун медайымы Ажар Жолдошбек кызы да тастыктап: «Кир суу пайдалануу ден-соолукка зыян, көптөгөн илдеттерге себеп. Алардын катарында ичеги карын, вирустук гепатит жана сарык оорулары бар. Ошондуктан ар дайым суунун тазалыгы өтө маанилүү», — деп кошумчалады.
Ушундай эле таза суу көйгөйү Суусамырдын Биринчи май айылында да курч. Бул айылдын эли да өздөрү казып алган кудуктун же алыстагы агын суудан ташып ичишет.
Алсак, айыл тургуну Максат Бекболотов таза суу ичүү максатында ар кандай аракеттер көрүлүп жатканын мисал келтирди:
«Негизи кудукту канчалык терең кылып казса, ошончолук суу таза болот экен. Бирок биздеги кудуктардан 5-6 метрден эле суу чыккандыктан, анын тазалыгына кепилдик жок. Кудуктан ичкенден көрө аккан суудан ичүү пайдалуураак. Ага ылайык, кудуктарыбызга сууну чыпкалоочу атайын жабдууларды койдуруп жатабыз. Чыпкалоодо көрүнгөндөй, кудуктан алынган суу 70%га жараксыз экен», — деди.
Сууну фильтирлөөчү чыпка
Ал эми жергиликтүү К.Сатынбаев атындагы орто мектебинин химия мугалими Элнура Адылбек кызы кудуктан алынган суунун химиялык курамын сөзсүз текшерүү керектигин белгилейт: «Себеби ичилүүчү 1 литр сууда 0,02ден 2 граммга чейин минералдык заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт. Ичилүүчү суунун сапатын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөн өткөрүү зарыл. Анткени, суу жалаң гана ичүү, чарбалык тиричилик жана өндүрүш үчүн эмес, ден соолук үчүн да мааниси чоң», — деп кошумчалады.
Бирок, Биринчи май айылынын башчысы Сапарбек Кулболдиев азырынча калкты таза суу менен камсыздоо боюнча айыл өкмөт деңгээлинде же Өкмөт тарабынан эч кандай иш каралбаганын билдирди. Ошондон улам суусу мол деп таанылган өрөөндүн айылдарында таза суу көйгөйү качан чечилери белгисиз.
Анткени менен, Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев аймактагы Биринчи май жана Кайсар айылдары «Ала-Тоо булагы» долбооруна киргизилгенин, ал эми Тунук айылына мурда «Таза суу» программасы аркылуу орнотулган суу түтүктөрү кайрадан жаңыланууга муктаж экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда “Таза суу” долбоору он үч жыл иштеп, эл аралык донорлордон миллиондогон каражаттар келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, тиешелүү иштер сапатсыз жасалганы жана тендерлер коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ачыкка чыккан.
Кийин «Ала-Тоо булагы» аттуу долбоор башталып, ал Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырылаары айтылган. Ага Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржы берүүдө.
Буга чейин Суусамыр FM радиосу таза суу алган кудуктар ачык бойдон калганын жазып чыккан
Сумая Эрнисова, Шахзода Иманкулова, Нуржаңыл Анарбекова, Малика Макешова