Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Төлөк айылында чоң масштабдагы кыргыз элинин улуттук оюну көк бөрү болуп өттү. 5 айылдан тандалып алынган мыкты командалар келип, өз айылдарынын намысын татыктуу коргошту.
40 жаштан ашса да, ат үстүндө желдей сызган мырзаларды көрүп, кызуу оюнга күбө болуп отурган жаштар өзүдөрүнө улуу муундан дем, күч алып отурушту. Оюн мыкты деңгээлде болуп өткөндүгүнө байланыштуу, суук аба-ырайы оюнчуларга тоскоол болгон жок жана бардык командалар таймашта татыктуу оюн көргөзө алышты.
Оюндун биринчи бөлүгүндө биринчи болуп оюн көргөзгөн “Соң-Көл” командасынын капитаны Айбек Жолдошалиев өзүнүн командасына ыраазычылык билдирип, дал ушул оюнга даярдык мыкты болгонун баса белгиледи:
“Биздин айылга бардыгы 5 айылдан улакчылар келишти. Бул оюн илгертен келе жаткан кыргыз элинин улуттук оюну. Менин командамдагы жигиттерге чоң рахмат, ошондой эле оюнга 15 күн даярдандык. Ар кайсы жерден жакшы-жакшы аттарды алып келдик. Бүгүн ийгилик бизге жылмаят деген ойдобуз. Утабыз же утулабыз дегеним. Ушуга чейин “Соң-Көл” командасы жакшы ийгиликтерге жетишти”.
Бул оюнга 5 айылдын улакчылары келип катышышты
Ошондой эле топ мүчөсү Эсенбек Сейитказиев да өз оюу менен бөлүштү:
“Бул оюнду жапа тырмак менен колдогон Төлөк элине чоң рахмат. Ушул ийгиликке жеткирген дал ушул элибиз болду. Жаштар, улуу муун да колдоп берди. Көк бөрү оюнду уюштуруу максаты Кочкор районунун ынтымагы, таанышуусу, бир дасторкондо даам сызуусу”-деди.
Белгилей кетсек, 21-февраль күнү кар жаап, аба-ырайы суук болду. Бирок дал ушундай аба-ырайы оюнчуларга тоскоол болбогонун, тескерисинче оюнчуларды чыйралтканын “Соң-Көл” командасынын топ мүчөсү Эсенбек Жакшылыков билдирди жана кийинки оюн кайда өтөөрүнөн да кабар берди.
“Бул жерде 5 команданын арасынан балдар менен биргеликте сүйлөшүп, кийинки оюнду “Шамшы” командасына өткөрүп берели деп жатабыз жана ошондой эле оюнга аба-ырайы жолтоо болгон жок, тескерисинче ыңгайлуу болду”-дейт.
Оюн учурунда
“Дөң-Алыш” командасынын 67 жаштагы оюнчусу Жолдош Садыралиев пайгамбар жашынан ашса да, ат үстүндө жаш уландай мыкты оюн көргөздү. Кыргыздын улуттук оюну көк бөрүнү кичине кезинен ойноп, ат үстүндө чоңойгондугун, аз ойногон соң,”Соң-Көл” командасы күчтүүрөөк болуп, жеңип кеткендигин айтты.
“Кичинемде мал менен сарайда малчы молуп чоңойдум, мал бактым, кыскасы малга жакын өстүм, жаш кезде көп улак ойнодум. Азыр ушул командадагы балдарга үлгү болуп, баш көз болуп жүрөм. Бул оюнга 1 жумадай даярдандык”-деди.
Күүгүм кирип калган учурда көптөн күткөн жыйынтык чыгып, орундар берилип, мыкты оюн көргөзгөн оюнчуларга атайын наамдар берилди:
1-орунду “Чекилдек” командасы
2-орунду “Теңдик” командасы
3-орунду “Соң-Көл” командалары багындырып, баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
Оюнга келген коноктор Төлөк элине ыраазы болуп, оюн жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, оюн жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Көк бөрү жаштардын эң сүйүктүү оюнуна айланууда
Нуркыз Мусаева, Мырзайым Жыргалбекова, Марлес кызы Айпери, Максат кызы Медина