Кыргызстандагы орто мектептерде 4 жылдан бери билим берүү жана илим министрлигинин “Жашоого кошул” программасы иш алып барууда. Бул программа мектептеги дене тарбия сабагына бекитилген. Ар бир сабакта түрдүү көнүгүүлөр берилип, балдар жагдайдан чыгуу үчүн аракет жасашат.
Бул программанын максаты тууралуу тренер Каныбек Сарымсаков буларды билдирди:
Каныбек Сарымсаков-тренер
«13 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн жашоого болгон көндумдөрүн спорттук көнүгүүлөр аркылуу өнүктүрүү. Мисалы кылмыштуулук, рекетчилик. Бул программада 10 тема камтылган. Ар бир темада кандайдыр бир жашоодо жаштар кезиккен кыйын жагдайлардан кантип чыгуу керек, кайсы оң, кайсы терс айырмалай билүүнү үйрөтүүгө багытталган программа болуп эсептелет. Туруштук берүү сезимин ойготот».
Ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жаңылмырза Сапарбекова спорт аркылуу зордук-зомбулукту, тоскоолдуктарды жеңсе болот дейт.
Жаңылмырза Сапарбекова Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу
«Спорт аркылуу зордук-зомбулукту, тоскоолдуктарды жеңсе болот. Анткени, ал жашоого болгон көз карашыңды өзгөртөт. Ал үчүн көнүгүүлөрдүн эрежелерин так аткарып, канчалык тоскоолдук болсо дагы, өз максатына жетүүгө аракет кылыш керек. Мисалы, биз мектепке билим алабыз деп максат коюп келебиз. Эгерде биз максатка жетсек анда ал ийгилигибиздин бири. А эгер жетпей калсак анда капаланбаш керек. Анткени жашоодо абдан көп тоскоолдуктар бизди күтүп турат».
Дене-тарбия сабагы аркылуу өспүрүмдөр арасындагы ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүгө үйрөтүү үчүн спорттук шаймандар менен камсыз болуусу керек дейт аталган мектептин дене тарбия сабагынын мугалими Азамат Умотов.
Азамат Умотов- мугалим
“Дене тарбия сабагында окуучуларды тоскоолдуктардан чыгууга үйрөтүүгө болот. Ал үчүн спорттук шаймандар жетиштүү болушу жана сабактын башталышында окуучуларга позитивдүү маанай тартуулоо керек. Сабак учурунда окуучуларды мактап, көтөрмөлөп туруу маанилүү. Анткени, ошондо окуучулар тартынбай, көнүгүүлөрдү эрежелери менен аткарганга үйрөнүшөт, сабакка кызыгуулары артат. Дене тарбия сабагына кызыккан окуучу тоскоолдуктарды жеңүүгө үйрөнөт.
“Жашоого кошул” программасы дене тарбия сабагына камтылган. Себебин тренер Каныбек Сарымсаков мындайча түшүндүрдү:
Каныбек Сарымсаков окуучулар менен тренинг учурунда
“Ар бир сабакта көнүгүүлөр камтылган. Анткени жаштар спортко кызыгат. Ойногусу келет. Көнүгүүлөр кандайдыр бир эрежелери менен берилген. Оюндарда кандайдыр бир жагдайларга алып келе турган көнүгүүлөр берилген. Ал эми окуучулар эрежелерди туура колдонуу менен ал жагдайлардан чыга алат. Мен ойлойм бул программа жакшы натыйжа берет”.
Барчын Мамытбекова