Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 70% адамдар окуган кесиби боюнча иштешпейт. Адистер мунун себеби кесипти туура эмес тандаганынан деп эсептешет. Кесип тандоодо бир катар факторлор таасирин тийгизет алардын эң негизгиси ата-энелер. Алар баланын келечектеги кесибине кандай таасир этишет үй-бүлөлүк консультант, психолог Сумая Асанова жана психологдор Асель Суюмбаева, Индира Кабылбекова, айтып беришет.
1. Балдар багытсыз калбаш керек
Балаңыздын келечектеги кесибин адашпай туура тандоосун кааласаңыз кичинекей кезинде кызыгуусуна жараша багыт берүү маанилүү. Бир окумуштуунун айтканына караганда баланын келечегине балта чапчу адамдар -ата-энелер экен. Албетте ар бир ата-эне баласынын мыкты болуусун каалайт эмеспи. Келечекте жакшы кесиптин ээси болуп, эч кимден көз каранды болбой бактылуу жашаса деген жакшы ой-тилек менен чоңойтот. Ошол эле окумуштуу баланы сырткы факторлордон коргоодон дагы үй ичиндеги туура эмес көрүнүш, алардын келечегине кедергисин тийгизчи адаттардан коргоо маанилүү деген. Андыктан алар ар кандай бир күнү комузга баргысы келсе эртеси ал мага жакпай калды деши мүмкүн. Башка күнү дагы башка каалолорун айтат. Бул учурда ата-эне сабырдуулук менен баласынын кызыгуулары аркылуу туура тандоо жасоосуна жардамдашуусу керек. Көп ата-энелер менен иштешкен адис катары айтсам. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү балабызды эң жакшы мектепте окутуп жатабыз, кийиндирип-ичиндирип, каалаган нерсесин орундатып беребиз эч нерсеге муктаж эмес баары жетиштүү деп жаңылыш ойлонушат. Ошол эле ата-энелерди бала кезине кайтуусун суранып эмнеге муктаждык болгонун сурасак көңүл буруу, мээрим жетишпегенин айтышат. Ошондой эле балага ата-эне тартуулаш керек болгон нерсе көңүл буруу, баланын оюн угуп аны менен эсептешүү керек.
2. Баланын 3 багытта өнүгүүсү маанилүү
1. Интеллектуалдык
Учурдун балдары ансыз деле интеллектуалдык жактан жетишкен акылдуу болуп төрөлүп жатышат. Моюнга алыш керек билим жагынан алар ата-энелерден астыда. Мындан улам аларга руханий жана физикалык жактан жетиштирүү маанилүү.
2. Руханий
Жогоруда айтып өткөндөй эле 21-кылымдын балдары билимдүү болсо эми аларга руханий жактан өстүрүү зарыл. Алар руханий жактан жетиштүү өнүкпөгөн болсо бир өлкөнү кыйратып койгонго дагы акылы жетет. Андыктан аларды сезимтал, боорукер кылып тарбиялап. Руханий баалуулуктар туурасында жетиштирүү эң керектүү.
3. Физикалык
Ошондой эле учурдун балдары көчөгө чыгып чуркап, топ оюндарын ойнобогондуктан техниканын алдында көп убактысын өткөрүп жатышканынан улам ашыкча салмак сыяктуу зыянга туш болушууда. Албетте бул абдан өкүнүчтүү. Алардын физикалык жактан кыймылда болуусун көзөмөлдөө зарыл.
Жогоруда айтылган 3 багытта тең баланы жетиштирүү мезгил талабы.
3. Ата-эне баласынын кесип тандоосуна кандай таасир берет?
Ата-энелер баланын кесип тандоосуна өзүнүн кызыкчылыгы бала кезинде жетпей калган максаттары боюнча балдарга таңуулаган учурлар көп кездешет. Мисалы үчүн алар кичинекей кезинде англис тилин окуган эмес болсо азыр бул тил өнүккөн учурда жашап жатабыз да. Анан баласына сен бул тилди үйрөнүшүң керек, абдан керектүү мурда мен окуй албай калгам эми сенин окуушуңа шарт түзүп берип жатам деп таңуулап алардан талап кылып баштайбыз. Бирок ошол эле учурда баладан бир нерсени талап кылуудан мурда ал эмнеге жөндөмдүү экенин ар бир ата-эне кызыгып изилдеп көрүшү керек. Салыштырып карасак жаныбарлардын кандай түрү болбосун барын бир даракка тырмышып чык деген болбогондой эле ар бир баланын уникалдуулугун изилдөө зарыл. Ата-эне бала кезден жетпей калган нерсесин баласына таңуулагын таптакыр туура эмес.
4. Балананын келечектеги кесиби туурасында качан ойлонуп баштоо керек?
Көпчүлүк ата-энелер баласы качан мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырарда балама кандай багыт берсем деп ойлонуп калышат. Анын ордуна бала кичинекей кезинен тарта эмнеге кызыгат, кайсыга жөндөмдүү экенин изилдеп ошого жараша кам көргөн жакшы. Кызыгып жаткан ошол кездеги каалолорунун ишке ашырып көрүүсүнө жолтоо болбоңуз. Мисалы балаңыз сүрөтчү болом же кол өнөрчү десе эле кантип менин балам бул кесипти аркалайт? Мен эмне ушул кесиптин ээси болсун деп чоңойтуп жатыптырмын деп ызаланган ата-энелер дагы бар. Балаңыз али чоңоюп чыныгы кесибин тандай элек болгондуктан ошол кездеги каалоолорун орундатып бериңиз. Балким жөн гана кызыгып жаткандыр бир аз аралашып көргөндөн кийин ал туура келберин сезсе кайра келет. Эң негизгиси бала аны кылып көргөнү жакшы. Бирок, ошол эле учурда баланы ойноок кылып албоо дагы маанилүү. Эгер катышып жаткан бир ийрим бат эле жакпай калып башкага барам деп жаткан болсо, эмне себептен жакпай калганын изилдеп көрүү керек. Балким жөн гана ал жердеги балдар менен тил табыша албай койгондур же мугалими менен тил табыша албай калышы мүмкүн.
5. Кесип тандоодо балаңыздын адашпоосун кааласаңыз...
Кесип тандоо адам жашоосундагы маанилүү чечимдердин бири. Учурда кесипттер туруктуу болбой калды. Миңдеген кесиптер жоголуп, ошондой эле жаңы кесиптер пайда болуп жатат. Кесип деген бул өзүн багуу гана эмес. Өзү каалаган, эңсеген жумушка баруу. Өзү сүйгөн иш менен алектенүү, жакшы кесиптештер менен иштөө дагы бактылуу болуунун бир бөлүктөрүнө кирет.
Ата-эне баласына жардам бергиси келсе кесиптерди жакындан тааныштырып тереңирээк изилдегенге шарт түзүп бериш керек. Эң негизгиси балага көңүл бурулбай калбаганы туура. Айрым учурда ата-энелер келечекте кесип тандоосуна таасир тийгизип албайлы деп “өзүң бил!” “бул жумушта сен иштейсиң” деп тандоонун балага коюшат. Албетте балаңыздын өзү каалаган, өзү тандаган кесиптин ээси болуусу маанилүү. Ошол эле учурда сиз кайдыгер болуп жаткан жоксузбу эске алыңыз. Бул суроодо ата-эне менен бала отуруп алып сүйлөшкөнү, талкуулаганы натыйжалуу.