Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда “Кыялга кадам” форумунун алкагында ийрим жетекчилеринин арасында “Жыл мугалим-2021” кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын жобосуна ылайык мугалимдер өз ийримдери боюнча ачык сабактарды өтүштү жана көрсөтмө куралдарды сынакка коюшту.
Борбордун информатика ийриминин жетекчиси Айзат Орозакунованын маалыматына караганда таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди колдоо, окуучулар менен педагогдор арасында ак ниет мамилелерди калыптандыруу максатында уюштурулган бул сынакка сынакка абдан жакшы даярданышкан.
“ Сынак мугалимдердин чыгармачылык изденүүсүнө өбөлгө болот. Ошол эле учурда мугалимдердин чыгармачылыгын өстүрүүгө, сулуулукту, искусствону, кесибин сүйүүгө болгон кызыгууларына дем берүү негизги максат”,-дейт.
Сайкал Качыкеева 2-орунду камсыз кылды
Айгерим Токтосун кызы 3-орунга татыктуу болду
Жыйынтыгында, кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдакунова 1-орунга татыктуу болду. Ал эми Сайкал Качыкеева 2-орунду жеңип алса, Айгерим Токтосун кызы 3-орунду камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары жигердүү катышкан ийрим жетекчилерине да кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Наргиза Ырысбекова