Бүгүн Ак-Талаа районунда кыз-келиндер арасында аркан тартыш жана аралыкка чуркоо боюнча жөө күлүктөрдүн мелдеши өттү. Мындан сырткары, волейбол боюнча оюнга 8 команда катышты. Аталган мелдештин өтмө кубогун райондук администрация уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.
Райадминистрациянын жана Аялдар кеңешинин командасы оюн учурунда
Калый Молдобасанов жана Эсенгул Карасартов атындагы мектептердин жамааты
Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасартов атындагы мектептердин жамааты оюн учурунда
Бала бакча жана райадминстрациянын командасы
Аялдар кеңеши жана райадминстрациянын командасы оюн учуру
Акимдин социалдык тармак боюнча орун басары Кенже Карагулованын маалыматына караганда бул оюн былтыр эле уюштурулуп, өткөрүлүш керек болчу. Бирок өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мөөнөтү жылдырылган. Оюнга катышкан командалар мыкты даярдыкта келишкенин көрсөтө алышты.
Ш.Бейшеналиев мектебинин мугалимдер командасы 1-орунду камсыз кылышты
Мелдешке катышкан кыз-келиндер
Аялдар кеңешинин командасы 2-орунду жеңип алышты
Жыйынтыгында волейбол 1-орунду жана өтмө кубокту Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты жеңип алды. Ал эми 2-орунду Аялдар кеңешинин командасы, 3-орунду «Тынчтык» балдар бакчасынын тарбиячылары камсыз кылды.
Аркан тартыш боюнча 1-орунду “Тынчтык” бала бакчасы, 2-орунду Аялдар кеңеши, 3-орунду Ш.Бейшеналиевдин командасы жеңип алды.
Волейбол оюнунан сырткары ден-соолук күнүнө карата аралыкка чуркоо боюнча жөө күлүктөрдүн мелдеши дагы өткөрүлдү.
Жөө күлүктөр
Марага биринчи келгендер дипломдор менен сыйланды
Жөө күлүктөрдүн арасында кыз-келиндер дагы бар
Жаркынай Тыныбекова