Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Дилбар Кулчаева он жылдан бери шырдак жасап эмгектенет. Ал бир шырдакты он миң сомдон сатат.
2017-жылы кар көп жаагандыгына байланыштуу Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынында «Чоң-Арык — Тамга-Терек» жолдоруна жер көчкү түшүп, малчылардын жолун бөгөп калган. Малчылардын жайлоого көчүүсүн тездетүү максатында көчкүнү тазалоо үчүн Токтогул …
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин, ФАПтын оңдоо иштерине жана китепкананын салынышында «АРИС» программасынын салымы чоң. 2017-жылы бул программа менен айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын үй жандыктарына дары жеткирип …
Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жаңы өкмөт башчысы февраль айынан бери иш алып барып келет. Айыл өкмөт башчы менен айылдын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маек курдук.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Тургун Суранчиев атындагы айылдык ооруканага дарыгерлер жетишсиз.
1-июль салык кызматкерлеринин күнүнө карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын улук салык инспектору Урмат Масирбаев менен маек курдук.
Токтогул районунда 2016-жылдын апрель айында менталдык арифметика курсу ачылган. Курс ачылгандан бери окуучулар олимпиададан жакшы орундарга ээ болуп келүүдө.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Акбакай» жамааттык мультимедиа борборунун (ЖМБ) кабарчылары “Мыкты макала” сынагынан утуп алган смартфондорго ээ болушту.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.
Волейбол боюнча райондук кыздар арасындагы таймаш 10-11-июнда Токтогул шаарында болмокчу. Бул таймашка окуучу кыздар жана студент кыздар катыша алат.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргоол орто мектебин 1997-жылы бүтүргөндөр билим алган уясына өз салымдарын кошушту. Алар даярдоо классын оңдоп, жасалгалап беришти.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 90 жаштагы тургуну Акыш Өмүрбаев 30 жылдан ашык убакыттан бери айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенет. Жаш кезинде бригадир, зоотехник, начальник болуп иштеп жүрүп, көптөгөн сыйлыктардын …
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары мал чарбачылык менен алектенгендиктен үй жандыктарынын илдеттерин алдын алыш үчүн же ооруп калса айыктырыш үчүн дары-дармек издеп калган учурлары көп кездешет.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебин 2007-жылы бүтүргөндөр он жылдык жолугушууга келээрдин алдында мектептин спорт залын капиталдык оңдоодон өткөрүп беришти. Спорт зал 40 жылдан бери жөнөкөй оңдолсо …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинде 8-класстын окуучуларынын ата-энелеринин сынагы болуп өттү. Сынакка 8-а класстын ата-энелеринин “Ынтымак” жана 8-б класстын ата-энелеринин …
Токтогул районунун Мазар-Суу айылында №14 Жоомарт атындагы мектеби жаңы салынууда. Бул туралуу аталган мектептин директору Дамира Иметкулова менен маек курдук.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстары убактылуу негизги корпуска көчүштү. 1-4-класстар биринчи кабатында 7-11- класстар экинчи кабатында билим алышууда.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады. “Арис” программасынын долбоору менен жылуулук системалары орнотулуп, мындан кийин кышкысын дагы иш алып баруу алдында турушат.