Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары өз мандаттарына ээ болушту. Шайлоодон жалпы 21 депутат өткөн.
Талас облустук футболдук мелдеши Бакай-Ата айылында өттү. Анда жалпы төрт курама команда күч сынашты.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир …
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Куштай көчөсүнө айыл депутаттары өз каражатына жарык коюп беришти. Депутаттар айылдын башка көчөлөрүн да жарыктандыруу жакынкы аралыкта ишке ашырылат деп убадалоодо.
Талас облусунун Бакай-Ата айылында төө буурчактын баасы көтөрүлүп, дыйкандардын мээнети акталгандай болууда. Азыр бакай аталыктар төө буурчактын килограммын 70 сомго чейин сата башташты.
Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары мектепте салынган күнөсканада өстүрүлгөн жемиштер менен азыктана башташты. Буга чейин атайын долбоордун негизинде мектептин базасында күнөскана ачылган болчу.
Талас облусунун Бакай-Ата айылында түнү-күнү кызмат көрсөткөн дарыкана ачылды. Бул боюнча дарыкананын жетекчиси Бакбол Жоробеков менен маек курдук.
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы жеке менчик шире сыгуучу жай иштегенине алты жыл болду. Учурда бул жерде үч адам иштейт.
Бишкекте 17-18 декабрь күндөрү жамааттык мультимедиа жана радиолордун жетекчилери эки күндүк иш семинарына чогулушту. Анда узап бараткан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылга карата пландар талкууланды.
Мал чарбасынын негизги киреше булагы саналган меринос тукумундагы кой менен 35 жылын коротуп алышып жатып, өндүрүшкө киргизген. Азыркы учурда Бакай-Ата айылында уяң жүндүү койлор кыйла азайды себеби көбүнчө дыйканда уяң …
Бакай-Ата айылында нан бышыруучу жайдын ишке киргенине беш жылдын жүзү болду. Ишкананын жетекчиси менен маек куруп, жумушу менен таанышып келдик.
Бакай-Ата айылындагы оорукана менен лабораториянын имараты жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Лаборатория үч жыл мурун иштен чыгып калган болчу.
Бакай-Ата айылында жаңы май куюучу жай курулуп жатат. Бул жер курулуп бүтсө айыл тургундары район борборунан күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Учурда Бакай-Ата районунда чычкан көйгөйү орчундуу маселени жаратып жатат. Бирок бул көйгөй бир эле Бакай-Ата району менен чектелбегенин, Талас облусу боюнча маселе болуп жатканын айтышат.
Учурда коомдук тармактарды көп эле жаштар колдонуп жатат. Алардын ичинен вотсап, одноклассники, фэйсбук, инстаграм жана твиттерди айтууга болот. Бул тууралуу мектеп мугалимдери жана окуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бакай-Ата айылына белгилүү акын Кабылан Балкыбековдун китеби жарык көргөн. Биз акындын чыгармачылыгы менен таанышып, маек куруп келдик.
Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жылгаяктын сезону ачылды. Ал жерде көбүнчө мектеп окуучулары эс алышат.
Кычыраган кыш келип, Бакай-Ата айлынын тургундарынын кышка даярданып көмүр ала баштады. Айылда көмүр баасы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бакай-Ата райондук жалпы медициналык тейлөө борборуна Кыргызстандагы Жапон элчилигинин донордук долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар берилди.