Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: suluktukm

Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жыйыны өттү

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында түзүлгөн жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу мектебинин кезектеги окуусу өттү.

Сүлүктү элине тез жардам унаасы белекке берилди

Бүгүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна «Спринтер»- үлгүсүндөгү, медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн атайын жабдылган авто унаа белекке берилди. 

Султан Раевдин «Илегилек» драма жыйнагы сүлүктүлүк окурмандага чоң кызыгуу жаратты

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раевдин «Илегилек» драма жыйнагы сүлүктүлүк окурмандар ортосунда чоң кызыгуу менен окулуп жатат.

Сүлүктүлүк активисттер социалдык долбоор жазууну үйрөнүштү

Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындар залында «Социалдык заказ долбоорлорун аткаруу» боюнча тренинг өттү.                         

Сүлүктүдө греко-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү

Сүлүктү шаары боюнча өспүрүмдөр арасында күрөштүн греко-рим түрү боюнча шаардык мелдеш өттү.

Советтер союзунун баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов бул фильмде да башкы режиссёр болот.

Сумбулада ашыкча чыгымдар токтотулат

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү боюнча той, мааракелерде ашыкча чыгымдар токтотулат.

Сүлүктүдө жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу иштери жүрүүдө

Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин 2019- жылды жыйынтыктап, 2020- жылга карата багыттарды аныктоо боюнча жалпы жыйыны болуп өттү.

Сүлүктүлүк кенчилердин ийгилик сырлары

Бүгүн 30-декабрда Сүлүктүдөгү эң алдыңкы шахталардын бири болгон «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун №1-күбөлүгү тастыктаган «Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медалы менен сыйланды.

Сүлүктүдө гимназисттер тажрыйба бөлүштү

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында  11-класста окуп жаткан Нургүл Халжигитова менен Кызжибек Саматовалар «НОВА» билим берүү мекемесинде окуп, тажрыйба арттырып келгенден кийин мастер-класс өтүп берди. Бул иш чарада жалпы Сүлүктү шаары …

Сүлүктүлүк жаш мугалимдер дебат өнөрүн үйрөнүүдө

Сүлүктүдөгү жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү мектебинен тандалып алынган мугалимдер дебат өнөрү боюнча көндүмдөрүн калыптандырууда.

Сүлүктүдө Ханнс Зайдель Фонду тарабынан тренинг өтүүдө

Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча тренинг өтүп жатат.

Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жалпы жыйыны болду

Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептердин жана балдар чыгармачылык борборунун жаш мугалимдери болуп жалпысынан 47 педагог катышкан жыйын өттү. Жыйынды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов ачып алып барды.

Сүлүктүлүк гимназисттер өз ара жардамдашуу акциясын баштады

Сүлүктүдөгү Кушматов атындагы гимназиянын жогорку класстарынын ортосунда өз ара жардамдашуу иштери жолго коюлду. «Сабактан кийин китеп окуу, сабакка даярдануу жана дебат искусствосу жөнүндө билимибизди жана тажрыйбабызды өзүбүздөн кичине класстарга бөлүшүүнү …

Сүлүктүдө өзгөчө кырдаалдарга машыгуу өттү

ЮНИСЕФтин Сүлүктү шаарындагы волонтёрлору тарабынан уюштурулган Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу-машыгуулары коомдук мекеме уюмдарда өтүп жатат.

Сүлүктүдөгү жаш мугалимдер мектеби жаңы багыт алды

 Сүлүктү шаарындагы жаш мугалимдер мектеби өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө жаңы багыт алды. 

Сүлүктүдө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленүүдө

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында маданият сарайында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө.

Сүлүктүгө Гапыр Мадаминовдун жаңы китептери келди

 «Көптөгөн окурмандардын суранычынан улам Гапыр Мадаминовдун жаңыдан басмадан чыгып али сыясы кургай элек китептеринен Сүлүктүгө да келди. Агайдын китептерин жалпы Кыргызстан түп көтөрө окуй баштагандыктан бизге чектелүү эле санда бөлүндү»- …

Күйөөсү иштетпей койгон келин китеп бизнесин түзгөн

 Мугалим болуп иштеп жүргөн Гулзара Калысова турмушка чыккандан кийин, күйөөсү иштетпей койгон соң, эмне болгон күндө деле балдарга жакын болоюн деген максатта колдо бар эле акчасы менен өзүнүн мектебине китеп …

Сүлүктү: Гимназиянын мугалимдери ишембиликке чыкты

21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Сүлүктүдөгү гимназиянын директору баш болуп ишембиликке чыкты. «Биз гимназия билимден эле эмес тарбиянан да үлгү болушубуз керек деп директорубуз Базаргүл Рустамова өзү чыгып иш …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...