Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: sumbulafmkm

Манас атындагы орто мектебинин окуучусу обустук олимпиадага катышат

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.

Сурамжылоо: Беш күндүк окуу системасына мугалимдер кандай көз карашта?

Лейлек районундагы Искра айылында жайгашкан Манас орто мектеби беш күндүк окуу системасына өткөндөн бери эки жуманын жүзү болду. Беш күндүк окуу системасына мугалимдердин ою кандай?

Андарак: Тажик мектепте кыргыз тили бөлмөсү ачылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жайгашкан «Андарак» орто мектебинде бир класс оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кыргыз тили бөлмөсү ачылды. Анда окуучулар ар кандай тесттерге жана олимпиадаларга окуп даярданып жатышат.

Андарак — ынтымакта жашаган эки элдин айылы

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2011-жылы болгон кыргыз- тажик элдеринин араздашуусунан жети үй өрттөнүп, 15тен ашуун үйлөр талкаланган. Учурда эки элдин бири-бирине болгон карым-катнашы кандай болууда?

Андарактын тургуну күнөсканада эмгектенип, киреше табат

Лейлек районундагы Искра айылынын тургуну Кыдыр Тойчубаев 2016-жылдын октябрь айынан бери күнөсканада чарбачылык кылып, эмгектенип келет. Учурда күнөсканага ал көк чөптөрдү өстүрүп, кардарларга сатып, эмгегинин үзүрүн көрүүдө.

«Сары-Дөбө» орто мектебинде беш күндүк окуу кандай болууда?

Лейлек районуна караштуу “Сары-Дөбө” орто мектеби беш күндүк окуу системасына өткөнүнө эки жума болду. Учурда жаңы окуу системасы кандай болуп жатканы тууралуу мектептин окуу бөлүм башчысына суроо узаттык.

Сары-Дөбө айылынын устасы Бабабек Умурзаков

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургуну Бабабек Умурзаков 27 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Уста темирден жана жыгачтан үй эмеректерин жасайт.

Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл жылуу

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте быйыл жылытуу системасы жакшы иштеп жатат. Себеби жылытуучу түтүктөр толук оңдоодон өтүп, атайын от казан курулган.

Сары-Дөбө айылынын жалгыз мал доктуру Айипбек Жороев

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында бир эле ветеринар бар. Ал 24 жылдан бери айыл тургундарынын мал жандыктарын дарылап келаткан Айипбек Жороев.

Сары-Дөбөдө спорт зал быйыл салынышы мүмкүн

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы мектепте спорт зал жок болгондуктан окуучулар дене тарбия сабагын сыртта өтүп келет. Мектеп директору быйыл спорт зал салынаарын айтат.

Сары-Дөбө орто мектебинде кышкы оюндар өткөрүлдү

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 26-январь күнү кышкы оюндар боюнча мелдеши өткөрүлдү. Кышкы оюндарга 5-11-класстын окуучулары катышышты.

Андарактагы «Компаньон» банкы элеттиктерге өз кызматын кылууда

Лейлек районуна караштуу Искра айылында жайгашкан “Компаньон” банкы элет элине өз кызматын кылууда. Банк ачылгандан бери элге жеңилдиктер жаралып, улгайып калгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, пенсия, пособияларын ушул жерден алып калышты.

Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан китепкана учурда кандай иштөөдө?

Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө жайгашкан китепкана учурда кандай иштеп жатат? Бул туурасында билип көрүү үчүн китепканачы Жаннатай Жанибекова менен маектештик.

Быйыл «Байчечекей» балдар бакчасында жылуулук кандай?

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жайгашкан “Байчечекей” балдар бакчасында быйыл жылуулук кандай? Бакчага күнүнө канча көмүр жагылат? Бул туурасында билип көрүү үчүн бакчанын директору менен маек курдук.

Cумбула айыл өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарды. Айыл аймагында эмне иштер аткарылды, кандай пландар коюлуп жатканы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкери менен маек курдук.

Сумбулада таштанды үчүн урналар жетишсиз

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында таштанды таштоочу урналар жок. Урналардын жоктугунан улам айыл тургундары таштандыны сайларга ыргытууда.

Сумбула айыл аймагына жаңы башчы шайланат

Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагына жаңы башчы шайланмакчы. Учурда аймак башчылыгына койгон талапкерлер документтерин тапшырышып, шайлоого даярданып жатышат.

Тешик-Таш айылында жайгашкан ыйык жер

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын эң ыйык жерлеринин бири “Тешик-Таш” үңкүрү. Ал жерге ооруп калган адамдар, төрөбөгөн аялдар жана башка түрдүү ооруларга даба издегендер барып сыйынышат.

Андарактын окуучулары зоналык спартакиадага даярданууда

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мекебинин окуучулары республикалык спартакиаданын зоналык баскычына даярданып жатышат. Сумбула айыл аймагы боюнча зоналык баскыч да аталган мектепте өтмөкчү.

Сумбуланын жаш жазуучусу Илгиз Эгемберди уулу

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Илгиз Эгемберди уулу 14 жашынан бери жазуучулук менен алектенип келет. Учурда анын жети китеби жарык көргөн.

Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...