Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: toktoyankm

Бактылуу энелердин бири Калия Жумабекова

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Калия Жумабекова сегиз баланын энеси. Ал бүгүнкү 8-март айымдардын эл аралык майрамын балдары менен чогуу, көңүлдүү өткөрүүдө.

Айымдарга ыр десте

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын ФАО жааматы “Айымдарга ыр десте” аттуу концерт өткөрүштү. Концертти аталган уюмдун мырзалары уюштуруп, келе жаткан айымдарын эл аралык күнүнө арнады.

Айылдык депутаттар татыктуу шайланды деп ойлойсузбу?

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын депутаттары жакында эле шайланды. Бул боюнча айыл тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо» аттуу тарбиялык саат өттү. Ага 9-класстын окуучулары катышты.

Токтоян айылынын манасчы кызы Айсырга

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын таланттуу окуучуларынын бири -бул манасчы кыз Айсырга Шаршеева. Мугалимдердин айтуусуна караганда, Айсырга «Манасты» мыкты айткан өзүнүн таланты бар.

Мектепте аскердик мелдеш өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде буга чейин 16-февралда спорт оюндары боюнча мелдештин биринчи баскычы өткөрүлгөн. 20-февраль күнү ал мелдештин уландысы, аскердик мелдеш өттү.

Мектепте англис тил жумалыгы болуп өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов атындагы мектептебинде англис тил жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта мектеп окуучулары ачык сааттарды өтүп, ар кандай сценкаларды коюшту.

Учурдагы интернеттин жаштарга пайдасы жана зыяны

Азыр техниканын заманы болгондуктан жаштар интернетти көп колдонушат. Бирок учурда интернетте жаш өспүрүмдөрдү терс жактарга бурган ар кандай оюндардын пайда болушу мугалимдерди жана ата-энелерди тынчсыздандырууда.

Сүрөт баян: Токтоянда спорт оюндары боюнча мелдеш өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде класстар арасында спорт оюндары боюнча «Мен Ата-Мекенди коргоймун» аттуу мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдеш келе жаткан 23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө арналды.

Токтояндын чебер устасы Турдубек Чымыров

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Турдубек Чымыров музыкалык аспаптарын өз колу менен жасап келет. Ал өмүрүнүн чейрек кылымын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде музыка сабагынын мугалими болуп өткөргөн.

Ооган согушунун ардагерлерин куттуктоо концерти болуп өттү

Бүгүн ФАО тарабынан Ооган согушунун катышуучуларына “Ооматы келди айтылаар, ооганды көргөн баатырлар” аттуу концерт болуп өттү. Бул концертке Түп районунун Токтоян жана Чоң Тогузбай айылындагы ооган согушунун ардагерлери жана Карасаев …

Токтоянда көп жылдык бактар бар

Түп районуна караштуу Токтоян айылында көп жылдык бак-дарактар бар. Алардын арасында бир жарым кылымдык дарак да бар.

Токтоянда физика жана география жумалыгы өтүп жатат

Түп районундагы Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде физика, география сабактары боюнча жумалык жарыяланды. Бул жумалыктын негизги максаты — физика жана география сабагынан окуучуларга тереңдетип билим берүү.

Токтоян: Усталарга сапар

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучулары айылдык усталарга барып, алардын жасаган иштери менен кенен таанышып келишти.

Токтоянда “илим жана техника” сынагы бөлуп өттү

Түп районунун Токтоян айылыдагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде “Илим жана техника” жумалыгы болуп, сынак жарыяланды. Бул сынакта окуучулар өзү кыймылдоочу техникаларды даярдашып, сүрөттөрдү тартышты. Конкурстун жыйынтыгында класстарга орундар берилди.

Токтоян: Быйыл мектептин салынышы уланабы?

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинин учурдагы негизги имараты мындан 60 жыл мурда салынган. Мектеп имаратынын эскилиги жеткендиктен улам 2014-жылы жаңы курулуш иштери башталып ушул күнгө чейин …

Токтоян: Мектепке жаңы компьютерлер берилди

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебине жаңы компьютерлер берилди. Жаңы техникалар айыл тургуну Орозбек Кайыковдун жазган долбоорунун арты менен алынган.

Токтоянда кыргыз ээрлерин жасаган Мирлан Абдыжакыпов

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Мирлан Абдыжакыпов ат жабдыктарын жасап келет. Учурда ал кыргыз ээрлерин жасоо менен алек болууда.

Токтоянда айылдык жыйын болуп өттү

Түп районуна караштуу Токтоян айылынын маданият үйүндө жыйын болду. Жыйында айыл өкмөтү аткарган иштери боюнча өз отчётун берди.

Токтоян: Балдар жиптен өрмө өрүшүүдө

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы окуучулар өрмө өрүп жатышат. Алар футбол дарбазасына тор токуганга да жетишкен.

Шаршемби
24 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...