Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аудио

Согуш ардагерлеринин үйүнө балатылар отургузулду

Баетов айыл аймагында көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатындагы эки айлыктын жүрүшү менен тал-терек жана карагайлардын жаш көчөттөрү алынып келинди. Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери карагайларды согуштун жана тылдын ардагерлеринин үйлөрүнө отургузуп беришти.

1 Май 2015 жыл 22:21

Үй — бүлөлүк бантик жасоо ишмердүүлүгү артууда

Баетов айыл аймагындагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган  Алтынбек Мундузбаевдин  үй-бүлөсү алгачкы эмгегин  бантик  жасоо менен баштаган.

26 Апрель 2015 жыл 11:40

Жаңы медициналык аппараттар ден — соолукту чыңдоого көмөк көрсөтүүдө

Ак- Талаа  районуна  караштуу  Баетов айылынын  тургуну дарылоочу  Күмүшай  Конокбаева  Кореядан  ар  түрдүү  медициналык  аппараттарды    алып  келди.

26 Апрель 2015 жыл 11:21

Баетов айылында бала бакча ачылат

Жарактан чыгып калган мечитти  бала бакча  кылып оңдошууда.  Бул демилгени Баетов айыл   өкмөтүнүн башчысы  Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.

25 Апрель 2015 жыл 17:52

Тасма: Айыл эли балабакчага муктаж.

Сүрөттө бала бакчага пландаштырылган мекеме Тасма айылынын тургундары көп жылдар бою бала бакчага муктаж болуп келишет. Эгерде айылга бала бакча ачылса анда балдардын аң сезими өсүп ,келечеги кеңеймек дейт айыл …

25 Апрель 2015 жыл 9:15

Тасма: «Көп балалуу Динара Артыкбаева жардамга муктаж.»

  Тасма айылында көп балалуу Динара Артыкбаева учурда сегиз баланын энеси, эң улуу баласы 17 жашта. Бул үй-бүлө акча каражатына муктаж, жөлөк пул алса дагы аз, эч нерсеге жетпейт 8 …

24 Апрель 2015 жыл 6:31

«Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата кызуу даярдыктар жүрүүдө»

Быйыл Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата жер- жерлерде кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

24 Апрель 2015 жыл 6:26

Кызыл-Туу: Миң-Дөбө жамааттык мультимедиалык борбору ишке киришти

Апрель айынын 19-20-21 күндөрү Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебинин имаратында Миң Дөбө мультимедиалык борбору өз кызматын көрсөтө баштады.

20 Апрель 2015 жыл 18:21

Кызыл-Туу айылынын ойлоп тапкыч ардактуу тургуну

Кошкеев Авазбек Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын ардактуу тургуну. Анткени ал 60 жаштан ашып калса дагы элге өз кызматын көрсөтүп келет. Күн карамадан алынчу май чыгаруучу аппаратты жасап май чыгарат, андан …

20 Апрель 2015 жыл 17:42

Барскоон: Кендирбаев мектебинде кезектеги акыл ордо география темасында болду

Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу жана окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурууда.

17 Апрель 2015 жыл 15:30

Сары-Булуң: Таза коом-дени сак улут аталышындагы ишембилик өткөрүлдү

№ 7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде окуучулар бүгүн ишембилик өткөрүштү. Айлана-чөйрөнү тазалоого 5-11 класстын окуучулары катышты. Окуучулар өздөрүнө тиешелүү жерлерди тазалап жатышты. Мектептин айланасына ар бир балага бештен …

11 Апрель 2015 жыл 14:58

«Улахол FM» жамааттык мультимедиа борбору ишке киришти

Тоң районунун Улахол айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз  ишин баштады. Бул борборго Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан маалыматтык техникалар толугу менен алынып берилип Кыргызстандагы …

5 Апрель 2015 жыл 17:27

Улахол: Борбордук көчө жарыктандырылды

Тоң районунун Кара-Талаа айылында борбордук көчөлөргө, оорукана ,мечит жана билим кени болгон мектептин айланаларына жарык лампалары  орнотулуп, элдерге бир топ жеңилдиктер болду. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Тынчтык Ашымов: «Борбордук көчөнү …

5 Апрель 2015 жыл 13:09

Улахол: Жазгы айдап себүүгѳ даярдыктар башталды

Улахол айыл аймагында жазгы айдап себүү талаачылык жумуштары, сугат сугаруу иштери кызуу башталды. Кара-Талаа айылынын «Чат» ѳрѳѳнүнүн мурабы Какчекеев Мырзабек: «Чат» ѳрѳѳнүндѳ айдоо аянттарынын  күзгүсүн 120 га жерди тондурма жасаганбыз, азыркы …

4 Апрель 2015 жыл 17:47

Тасма: Айылдын чебер устасы Белек

Тасма айылынын тургуну Белек Садабаев көп жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет. Ал айыл тургундарына стол, кол жуугуч ушул сыяктуу  көптөгөн буюмдарды жасап сатат.

1 Апрель 2015 жыл 16:45

Тасмада мал багуучулар чыгымга учурап жатышат

Айыл тургундары негизги негизги иши мал-чарбачылыгы болгондуктан, ар бир үйдө мал  көйгөйү  кездешүүдө. Өткөн жылы кургакчылык  болуп тоют толугу менен камсыз болбогондон айыл тургундары чыгымга учурап жатышат. Айыл тургуну Жениш …

28 Март 2015 жыл 17:32

Тасма: Тосколдууктардын баарын жеңип өткөн адам

Сүрөттө Мээрим Мукаева Тасма айылынын тургуну Мээрим Мукаева мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан ыр жазып,белгилүү жазуучуларыбыздын чыгармаларын да окуп келет .Ал тургай жөн гана отура бербестен үйдө кичине бөбөгүн багуу менен алектенип …

28 Март 2015 жыл 17:27

Жарандыкты аныктоо долбоору Кошбулакта жүрүп жатат.

Жарандыкты аныктоо, алуу жана башка паспортко тиешелүү көйгөйлөрдү ордунда чечүү үчүн «Калкты документтештирүү долбоору» Кошбулакта жүрүп жатат.  Бул боюнча долбоордун юристи Камчыбекова Сонун маалымат берди. Кабарчы Анварбек Тухтаров

18 Март 2015 жыл 15:31

Таш-Көмүр: «Балдарга зордук зомбулуксуз жашоо» медиа-кампаниясы

Таш-Көмүр шаарындагы «Чинтамани» коомдук бирикмесинин алдында түзүлгөн жамааттык мультимедиа борбору Кыргыз Республикасында өтүп жаткан балдарга карата зордук зомбулукка каршы медиа-кампаниясын колдойт. Тематикалык аудио түрмөктөр Бишкек шаарындагы балдарды коргоо борбору тарабынан …

7 Март 2015 жыл 22:20

8-март аялдардын эл аралык күнү

Барскоон айылында 8-мартка карата апалардын куттуктоо кечеси өткөрүүлүүдө. Адаттагыдай эле Барскоон айылында 8-март күнүнө карата иш чаранын ачылышы гимн менен коштолду. Кечени толугу менен КР ЖКнин депутаты Талант Узакбаев демөөрчү болду. …

7 Март 2015 жыл 14:10
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...