Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин имаратында жолугушту.
Тогуз-Торо районунун шахмат боюнча 13 мектептин арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул тууралу Феруза Жыргалбек кызы билдирди.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы “Седеп” балдар бакчасында эки майрам чогуу белгиленет. 1-май Эмгек күнү жана 20-май Энелер күнүнө арналган кечеге даярдыктар тууралуу бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева айтып берди:
Апрель айынын аягында мекенибиздин мектептеринде, 1-класстарда, “Алиппе майрамы”өткөрүлүп жаткан убагы. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да “Алиппе майрамы” болуп өттү.
Сүлүктү шаары боюнча мектептерде биринчи класстын окуучуларына арналган «Кош Алиппе» аземи өтүүдө. 27-апрелде Исхак Раззаков атындагы №7- орто мектебинде дагы өзгөчө маанайда иш- чара болду.
Талас шаарынын борбордук паркын жарыктандыруу үчүн 1 000 000 сом өлчөмдөгү акча-каражаты которулган. Азыркы учурда теректер кайрадан отургузулуп, алдыда жарыктандыруулар жана ролик үчүн жол орнотулмакчы.
Кара-Суу айылында механизатор Болотбек Абылбаев айыл-чарба техникаларын эң жакшы билген адис. Ал кишиге айылдын көпчүлүгү техникасы бузулуп калса кайрылышат.
Кызыл Ай коомунун демилгеси менен «Теңир колдо» реабилитациялык борборуна жаңы имарат салынып берилди. Демөөрчүлөр Кыргызстандагы Кызыл Ай, Кызыл Чырым коому жана ӨКМ, ошондой эле жергиликтүү тургундар дагы өз салымын кошушту.
Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин буйругуна ылайык, 2017-2018 окуу жылында новатор педагог Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасын жалпы облус боюнча мектептерге жайылтуу иштери активдүү жүргөн. Окуу …
«Жыл мугалими -2018» сынагынын облустук турунда Сүлүктү шаарынан катышкан, №9- мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим Дилара Шералиева 2-орунга жетишти.
Көп кырдуу талант Арген Ринатов мектеп окуучулары учун кызыктуу шоу программа көрсөттү.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы “Шераалы ата” атындагы эс алуу паркында көп жылдык терек бактарынын көчөттөрү тигилди. Көчөт тигүүгө айыл тургундары, мектеп окуучулары жардам беришти. Ал көчөттөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги …
Кызыл Туу айылынын тургундары эми жергиликтүү генетикалык ресурстарды адилеттүү пайдалануу тууралуу кеңири билишет.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде менталдык арифметика курсу окутулууда. Окуу билим берүү министрлиги менен Кыргызстанга жайылтуу максатында келишим түзүлүп, окутула баштаган.
Чүй облусунун Суусамыр айылында жашаган Айдатка Кадыржанова келечекте космонавт болууну каалайт. Ал бул кесипке Салижан Шарипов тууралуу маалыматты окуп таасирленгенден кийин кызыга баштаган.
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги «Китеп майрамы» белгиленди. Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан …
Кыргыз Республикасы боюнча аймактарда «Келгиле окуйбуз» долбоору реализацияланып, пилоттук мектептердин мугалимдери атайын даярдыктан өтүүдө.
Азыркы учурда Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө Wi-Fi интернети коюулууда. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон, бирок, жай иштеген. Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.
Кара-Суу айылынын тургуну Гүлжан Ажиева айылда айымдардын арасынан ыр чыгарган жалгыз инсан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Маматкулович Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин статс-катчысы жетектеген, Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисинин орун басары баш …