Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Андарак

Андарактын борбордук жолуна жарыктандыруучу лампалар коюлууда

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып …

11 Декабрь 2018 жыл 16:03

Лейлекте Айтматовдун 90 жылдыгына карата фестиваль өткөрүлдү

Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы маданият үйүндө Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жазуучусу Айтматовко таазим” аттуу райондук фестиваль өткөрүлүп, 10 айыл өкмөт жана бир шаар башкармалыгы катышты.

11 Декабрь 2018 жыл 15:58

Андарак айылына бала бакча ачылды

Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.

11 Декабрь 2018 жыл 15:14

Сумбулада талааны чегиртке басты

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 400 гектар жайыт жерлерди чегиртке басты. Учурда дарылар себилип, чегирткени жок кылуу аракеттери жүрүп жатат.

15 Июнь 2018 жыл 20:44

Сумбулада сел жүрдү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында 10-июнда катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Кесепеттен бир нече тамдарды суу каптап, унаа жолдорду, эгиндерди алды.

12 Июнь 2018 жыл 13:42

«Акыркы коңгуроо» аземи Сумбулада

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи майрамдалды. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-классынын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

25 Май 2018 жыл 19:13

Эл аралык уюмдар Сумбулага жардам көрсөтүүдө

15-майда Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада өкмөткө АКТЕД эл аралык уюумун каржылоосу менен, кырсык учурунда жарандарды куткаруучу инвентарлар алынып келди.

21 Май 2018 жыл 0:17

Сумбуланын селканаларына габион торчолор орнотулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында селканалардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. 

19 Май 2018 жыл 17:18

Сумбулада мектепте от оюну майрамдалды

18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.

19 Май 2018 жыл 14:40

Сумбулада сел жүрдү

13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор …

14 Май 2018 жыл 23:59

Сумбулада мугалимдер өз ара тегерек стол өткөрдү

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.

5 Май 2018 жыл 15:15

Үгүт кербени-Сумбулада

Лейлек районунун 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» аттуу темадагы үгүт кербени 27-апрелде Сумбула айыл өкмөтүндө болду. Анда 4 айылдын мектеп окуучулары өз айылынын тарыхы тууралуу доклат окуп, сахналаштырылган оюн көрсөттү.

2 Май 2018 жыл 20:24

Айыл өкмөт жалпы жамаат менен ишембиликке чыкты

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлананын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү максатында иш-чара түзүлүп, пландын негизинде 14-апрель күнү өкмөттүн жалпы жамааты ишембиликке чыкты.

14 Апрель 2018 жыл 19:13

Сумбулада мугалимдер арасында зоналдык олимпиада өттү

4-апрелде Сумбула айыл аймагынын Манас атындагы орто мектебинде валейбол боюнча мугалимдер арасында зоналдык этап өттү.Оюнда 6 мектептин мугалимдери ат салышып,аягында Манас атындагы орто мектеби ийгиликке жетти.

4 Апрель 2018 жыл 16:53

«Сары-Дөбө»орто мектебинде майрамдык семинар өткөрүлдү

20-март күнү Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын «Сары-Дөбө» орто мектебинде ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар биргелешип конкурс өткөрдү. Темасы «Ата-эненин,мугалимдин жана окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртуу.»

20 Март 2018 жыл 23:56

Сумбулада райондук деңгээлдеги турнир өттү

Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында 19-март күнү нооруз майрамына карата райондук деңгээлдеги волейбол боюнча турнир өттү. Турнирге райондун 10 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктарынан оюнчулар катышты.

20 Март 2018 жыл 0:24

Таасирдүү тасмалар Лейлекте көрсөтүлүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында окуучуларга адам укуктары боюнча Азамат Шаршендин “Жашоо керемет” аттуу даректүү тасмасы акысыз көрсөтүлдү. Бул иш чараны “Sumbula FM” жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.

17 Март 2018 жыл 16:13

Сумбулада жазгы талаа иштери башталды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жаз жылдагыдан эрте келип, жазгы талаа иштери эрте башталды. Учурда жергиликтүү элдер арпа, буудайларын эгүү үстүндө. 

15 Март 2018 жыл 21:36

Андарактык тургун унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.

15 Июль 2017 жыл 0:42

Сумбулага жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.

14 Июль 2017 жыл 9:44
Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...